КРда эмдөөдөн өткөн жарандарга электрондук күбөлүк берүү кызматы ишке кирди – COVID-19

КРда эмдөөдөн өткөн жарандарга электрондук күбөлүк берүү кызматы ишке кирди – COVID-19

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн жарандарга электрондук күбөлүк берүү кызматы иштей баштады. Аларды эми үйдөн чыкпай туруп эле алса болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Электрондук сертификатта COVID-19га каршы вакцина алгандыгы тастыкталып, документтин ээси тууралуу толук маалымат алуу үчүн QR-код камтылган.

Кызмат tunduk.kg мамлекеттик электрондук кызматтар порталында иштелип чыкты. Кызматтарды порталдан алуу үчүн, авторизациядан өтүү керек. Ага Калкты тейлөө кызматынан акысыз берилчү электрондук кол тамга же 2017-жылкы үлгүдөгү ID-картадагы маалыматтар талап кылынат.

Сертификатты алуу үчүн:

  • tunduk.kg порталына кирип каттоодон өтүү керек
  • порталдан «саламаттык сактоо» деген бөлүмүнөн «COVID-19га каршы эмделгендиги тууралуу сертификат берүүнү» тандоо зарыл
  • «Арыз тапшыруу» баскычын басуу керек
  • Документ автоматтык түрдө экранда пайда болот дагы, колдонуучу аны pdf форматтагы документ катары басып чыгарып алса болот
  • Алынган сертификаттын аныктыгын текшерүү үчүн сертификат QR коду менен жабдылган.

Мындан тышкары окуңуз

2 млн доллар менен качкан "КАП Кей Джи" компаниясынын жетекчиси кайда?

2 млн доллар менен качкан "КАП Кей Джи" компаниясынын жетекчиси кайда?

Kaktus.mediaга жүк авиажеткирүүлөр менен алектенген "КАП Кей Джи" компаниясынын кызматкерлери айлык маяналарын ала албай жатканын билдиришкен. 2026-жылдын 1-мартына карата эмгек акы боюнча жалпы карыз 1 млн 249 миң 783 долларды түзөт. Мындан тышкары, компаниянын дагы көп миллиондук карыздары жана аткарылбаган милдеттенмелери бар экени айтылууда. Жалпысынан 37 кызматкер

Кадамжайдагы Анхор каналы оңдолуп, пайдаланууга берилди

Кадамжайдагы Анхор каналы оңдолуп, пайдаланууга берилди

Үч-Коргон айыл аймагында жайгашкан Анхор чарба аралык каналынын 275 метр аралыгы капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Анхор каналы 1915-жылы пайдаланууга берилген жана Кадамжай районундагы негизги ирригациялык объекттердин бири болуп саналат. Ал Исфайрам-Сай башкы суу бөлүштүрүү түйүнүнөн суу алып, 3300 гектар сугат жерди суу менен

Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу жөнүндө макулдашуу колдоого ээ болду

Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу жөнүндө макулдашуу колдоого ээ болду

Бүгүн Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу" долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Аталган макулдашууга 2025-жылдын 29-декабрында Бишкек

У.Жаанбаев: Экспорттук товарларга туура эмес сертификат берген фирмалар жазалансын

У.Жаанбаев: Экспорттук товарларга туура эмес сертификат берген фирмалар жазалансын

Парламенттин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Уланбек Жаанбаев товарларды экспорттоого шайкештик жана келип чыгуу сертификаттарын ката берген лабораториялардын жоопкерчилиги кандай караларына кызыкты. Ал белгилегендей, Россия менен чектешкен аймактарда ишкерлер сертификаттарга байланыштуу көйгөйлөргө туш болуп, чоң чыгымдарга учурап жатышат. Экономика министринин орун басары Султан Ахматов бул