Кыргызстан кум шекерге, өсүмдүк майына КНСтин ставкаларын нөлгө түшүрдү
1-июлдан тартып ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолуучу бир катар товарларга КНСтин ставкасы нөл пайыз өлчөмүндө белгиленет. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.
Чечим азык-түлүк товарларына болгон рыноктук бааларды турукташтыруу жана чарбалык субъекттерге колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.
Мындай ставка төмөнкү товарларга карата колдонулат:
- 2021-жылдын 1-июлунан 31-августуна чейин – ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден КРга импорттолуучу кант-кумшекер (ЕАЭБ ТСИ ТН коду 1701) жана өсүмдүк майы (1512)
- 2021-жылдын 1-июлунан 31-декабрына чейин ташылып келинген айыл-чарба жаныбарлары (жылкылар (код 0101), бодо мал (0102), чочко (0103), кой-эчки (0104)), үй канаттуулары (0105)
Токтом 2021-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.