Азия Өнүктүрүү Банкы КРга 2.5 млн жеке коргонуу каражаттарын берди

Азия Өнүктүрүү Банкы КРга 2.5 млн жеке коргонуу каражаттарын берди

Азия Өнүктүрүү Банкы (АӨБ) КРнын медицина кызматкерлери үчүн 2.5 миллиондон ашык жеке коргонуу шаймандарын берди. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

Материалдарды сатып алуу жана жеткирүү үчүн каражаттар 2020-жылдын июнь айында бекитилген «АӨБдүн COVID-19 пандемиясы боюнча күтүүсүз долбоор» грантынын компонентинен бөлүнгөн.

Төмөндөгүдөй ЖККры берилди:

  • Маскалар (FFP2) – 300 миң даана
  • Бир жолу колдонулуучу коргоочу комбинезон – 300 миң даана
  • Бир жолу колдонулуучу нитрил кол каптары – 1.2 млн даана
  • Жеке коргонуу шаймандарынын топтому (медициналык халат, кепка, IIR тибиндеги хирургиялык бир жолку маскалар, бахилалар) – 120 миң даана
  • Бийик бахилалар – 600 миң даана
  • Коргоочу көз айнек – 5 миң даана

Бул ЖКК КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин муктаждыктарына ылайык сатылып алынып, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы 81 оорукананын COVID-19 изоляторлору арасында бөлүштүрүлдү.

«Медициналык шаймандардын ийгиликтүү жеткирилгендиги жана өлкөнүн ооруканаларына таратылгандыгы бизди кубандырат. Бул материалдар ушул оор мезгилде дарыгерлерди коргоо үчүн өтө маанилүү. АӨБ КРга пандемиядан арылууга жана туруктуу калыбына келүүгө жардам берет», – деди Канокпан Лао-Арая, АӨБдүн КРгы  туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору.

Медициналык жабдууларды жеткирүүдөн тышкары, АӨБдүн 20 млн долларлык каржылоо пакети COVID-19 илдетин дарылоочу ооруканалардын шарттарын жакшыртууга жардам берет. Бул ооруканаларга кошумча реанимациялык керебеттер, тез жардам унаалары жана керектүү медициналык шаймандар берилет.

Былтыр май айында АӨБ Кыргыз өкмөтүнө пандемиянын жайылышына жардам берүү, коомдун аярлуу тармактарын социалдык жактан коргоо жана жакырларга бюджеттик стимул берүү максатында 50 млн долларлык насыя жана гранттык пакетин бекиткен.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан жыл сайын 15 миңге чейин электромобиль алып кирүүнү көздөйт

Кыргызстан жыл сайын 15 миңге чейин электромобиль алып кирүүнү көздөйт

Кыргызстан жыл сайын 15 миңге чейин электромобилди бажы төлөмүсүз импорттоону пландап жатат. Бишкек шаарында "Улуттук электромобилдүүлүк стратегиясына карай" аттуу семинар өтүп, анда электромобилдер рыногун өнүктүрүү жана кубаттоо инфраструктурасын кеңейтүү маселелери талкууланганын Климаттык каржылоо борбору билдирди. Учурда: * Өлкө боюнча 230дөн ашык кубаттоо станциясы иштеп жатат. * Алардын ичинен 60ка жакыны

Венчурдук каржылоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты

Венчурдук каржылоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты

Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети 2-марттагы жыйынында "Венчурдук каржылоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Мыйзам долбоорунун демилгечиси

ТИМ Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин билдирди

ТИМ Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин билдирди

Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экендигин 3-мартта Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу брифинг учурунда ТИМ билдирди. Анын ичинен 10 миңге жакын кыргызстандык Бириккен Араб Эмирлигинде жүрөт. Катарда 800дөй, Сауд Арабиясында 5 миңден ашуун жана Израилде 100гө жакын кыргыз жараны бар. Мындан тышкары Кувейт, Бахрейн жана Иорданияда жүргөндөр миңге чукул.

Бишкекте жоогазын фестивалы башталды

Бишкекте жоогазын фестивалы башталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги "ТюлпанЛенд" компаниясы менен биргеликте жоогазын фестивалын баштады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Фестиваль 2-марттан 10-мартка чейин уланат. Иш-чаранын алкагында жоогазын гүлдөрү дүң жана чекене баада сатыкка коюлууда. Баалар 75 сомдон башталат. Каалоочулар гүлдөрдү дүң жана чекене түрдө сатып алуу