Кыргызстан жыл сайын 15 миңге чейин электромобиль алып кирүүнү көздөйт

Кыргызстан жыл сайын 15 миңге чейин электромобиль алып кирүүнү көздөйт

Кыргызстан жыл сайын 15 миңге чейин электромобилди бажы төлөмүсүз импорттоону пландап жатат. Бишкек шаарында "Улуттук электромобилдүүлүк стратегиясына карай" аттуу семинар өтүп, анда электромобилдер рыногун өнүктүрүү жана кубаттоо инфраструктурасын кеңейтүү маселелери талкууланганын Климаттык каржылоо борбору билдирди.

Учурда:

  • Өлкө боюнча 230дөн ашык кубаттоо станциясы иштеп жатат.
  • Алардын ичинен 60ка жакыны Бишкекте жайгашкан.
  • 2022-жылы өлкөдө болжол менен 5 миң электромобиль катталган.

ЕАЭБ эрежелерине ылайык, 2023-жылы электромобилдерди бажы төлөмүсүз алып кирүүгө квоталар бекитилген. 2023–2025-жылдары жылдык квота 10 миң даанага чейин жеткен.

2026-жылдан тарта Кыргызстан жыл сайын 15 миңге чейин электромобиль импорттоону көздөп, тиешелүү квотаны көбөйтүүнү пландап жатат.

Семинардын жыйынтыгында эксперттер төмөнкү сунуштарды иштеп чыгышты:

  • Электромобилдүүлүк боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ жана катчылык түзүү;
  • Уруксат берүү процедуралары үчүн "бирдиктүү терезе" механизмин киргизүү;
  • Кубаттоо боюнча бирдиктүү стандарттарды бекитүү;
  • Инфраструктураны мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу өнүктүрүү.

Электромобилдүүлүктү өнүктүрүү зыяндуу бөлүп чыгарууну азайтуу, шаардык чөйрөнү жакшыртуу жана жашыл экономиканы бекемдөө стратегиясынын бир бөлүгү катары каралууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media