Ири салык төлөөчүлөрдүн мамлекетке 575 млн сомдон ашык карызы бар
Өлкөнүн ири салык төлөөчү ишканалары мамлекетке 575.7 млн сом карыз. Мындай маалыматтарды 1-июнга карата Салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.
Жалпы сумманы алып караганда, Октябрь районунун ишканалары эң көп карыз – 112 млн сом, Биринчи Май – 88.2 млн сом, Ысык-Көл району – 82.9 млн сом.
Эң көп карызы барларга төмөнкү салык төлөөчүлөр кирет:
- «Нуржигит Трейд Сервис» ЖЧК – 93.8 млн сом
- Гербер О.И. – 50.8 млн сом
- Сушанло М.Р. – 31.6 млн сом
- «ТРАНСПОРТ СЕРВИС ЛОГИСТИК» ЖЧК – 27.4 млн сом
- «ТУРКУАЗ ТРЕЙД» ЖЧК – 24.1 млн сом