Кыргызстан 1-июлдан баштап ККМдин жаңы стандарттарына өтөт
Мамлекеттик салык кызматы эртең, 1-июлдан тартып КРнын аймагында ККМди жаңы стандарттар боюнча колдонуу милдеттүү түрдө жүзөгө ашырылаарын эске салат. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.
Аталган күндөн тартып салык органдарында катталган ККМдин фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы жок эски үлгүлөрүн колдонууга болбойт.
Ошондой эле, ККМди колдонуудан буга чейин бошотулган субъекттер үчүн 1-июлдан тартып аны колдонуу милдеттүү болуп калат. Эскерте кетсек, сөз Бишкек жана Ош шаарларынын аймагындагы:
- соода борборлорунда жана үйлөрдө жайгашкан, аянты 10 (он) чарчы метрге чейинки соода түйүндөрүндө товарларды сатуу
- кызмат көрсөтүү же жумуштарды аткаруу
- коомдук тамактануу жайларында убактылуу жерлерди (павильондорду, боз үйлөрдү, бастырмаларды, башка убактылуу курулуштарды) пайдалануу менен кызмат көрсөтүү
- соода залынын аянты 20 (жыйырма) чарчы метрге чейинки павильондордо, контейнерлерде, башка убактылуу курулуштарда товарларды сатуу боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде иштеген субъекттер жөнүндө жүрүп жатат.
Ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында ыктыярдуу патенттин негизинде иштеген субъекттер жаңы техникалык талаптарга ылайык:
- 200 чарчы метрден ашык соода аянты менен стационардык соода түйүндөрүндө товарларды сатуу
- дарыканаларда дары-дармек каражаттарын сатуу
- 200дөн ашуун оруну бар жана/же аянты 300 чарчы метрден ашкан коомдук тамактануу кызматын көрсөтүү
- стационардык жайларда медициналык кызмат көрсөтүү
- медициналык лабораторияларда кызмат көрсөтүүлөр ККМди колдонууга милдеттендирилди.
Жаңы стандарттарга ылайык келбеген ККМ пайдаланылган учурда мындай аппараттар Салык кызматынын автоматташтырылган маалымат системасынан каттоодон чыгарылат, ал эми субъекттер администрациялык айып салууга тартылат.