Кыргызстанда доллардын наркы 84.8 сомдон ашты
Кыргызстанда доллар 84.8 сомдон ашты. Бишкекте 30-июнь күнү эртең менен америкалык валютаны сатуунун орточо баасы 84.83 сомду түздү.
Valuta.kg порталынын маалыматына ылайык, саат 10:00дө Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларда доллар 84.8-84.85 сомдон сатылып, 84.6 сомдон сатылып алынган.
Белгилей кетсек, акыркы жолу америка акчасынын мындай курсу июнь айынын башында байкалган – анда доллар 84.46 сомдун тегерегинде өзгөрүлүп, 84.8 сомдон ашкан эмес.
