Рияда компаниялар тобу КРда дары-дармектерди маркалоо системасын түзүүгө инвестиция салууга даяр

Рияда компаниялар тобу КРда дары-дармектерди маркалоо системасын түзүүгө инвестиция салууга даяр

Рияда компаниялар тобу (Бахрейн) КРда дары-дармектерди маркалоо системасын түзүүгө инвестиция салууга даяр. Бул тууралуу 29-июнда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова менен жолугушууда, аталган топтун өкүлү Лео Джакометто билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Мындан тышкары, алар Ысык-Көлдүн жээгиндеги санаторийлерди жана эс алуу үйлөрүн пациенттердин ден-соолугун калыбына келтирүү үчүн, анын ичинде коронавируска чалдыккандан кийин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн түзүү менен медициналык туризмди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Рияда компаниялар тобу (Бахрейн Падышалыгы) Араб Булуңунун базарында 15 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жатат. Компаниянын негизги акционерлери болуп – Аль-Халифа падышалык үй-бүлө мүчөлөрү саналат. Бул топко бизнес чөйрөсүнүн ар кандай тармактарындагы 20дан ашык компаниялар кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан жыл сайын 15 миңге чейин электромобиль алып кирүүнү көздөйт

Кыргызстан жыл сайын 15 миңге чейин электромобиль алып кирүүнү көздөйт

Кыргызстан жыл сайын 15 миңге чейин электромобилди бажы төлөмүсүз импорттоону пландап жатат. Бишкек шаарында "Улуттук электромобилдүүлүк стратегиясына карай" аттуу семинар өтүп, анда электромобилдер рыногун өнүктүрүү жана кубаттоо инфраструктурасын кеңейтүү маселелери талкууланганын Климаттык каржылоо борбору билдирди. Учурда: * Өлкө боюнча 230дөн ашык кубаттоо станциясы иштеп жатат. * Алардын ичинен 60ка жакыны

Венчурдук каржылоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты

Венчурдук каржылоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты

Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети 2-марттагы жыйынында "Венчурдук каржылоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Мыйзам долбоорунун демилгечиси

ТИМ Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин билдирди

ТИМ Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин билдирди

Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экендигин 3-мартта Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу брифинг учурунда ТИМ билдирди. Анын ичинен 10 миңге жакын кыргызстандык Бириккен Араб Эмирлигинде жүрөт. Катарда 800дөй, Сауд Арабиясында 5 миңден ашуун жана Израилде 100гө жакын кыргыз жараны бар. Мындан тышкары Кувейт, Бахрейн жана Иорданияда жүргөндөр миңге чукул.

Бишкекте жоогазын фестивалы башталды

Бишкекте жоогазын фестивалы башталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги "ТюлпанЛенд" компаниясы менен биргеликте жоогазын фестивалын баштады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Фестиваль 2-марттан 10-мартка чейин уланат. Иш-чаранын алкагында жоогазын гүлдөрү дүң жана чекене баада сатыкка коюлууда. Баалар 75 сомдон башталат. Каалоочулар гүлдөрдү дүң жана чекене түрдө сатып алуу