Турцияга аба каттамдары көбөйүүдө
«Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы Түркияга болгон аба каттамдардын саны көбөйгөндүгүн кабарлады.
«Пегасус» авиакомпаниясы 2021-жылдын 2-июлунан баштап Стамбул – Бишкек – Стамбул багыты боюнча дагы 3 каттам кошту. Эми бул багытта жумасына 10 каттам аткарылмакчы.
«Пегасус» авиакомпаниясы 2021-жылдын 6-июлунан баштап Анталия – Бишкек – Анталия багыты боюнча дагы 1 каттам кошту. Эми бул багытта жумасына 5 каттам аткарылмакчы (дш., шш., шр., бш., иш күндөрү).
«Түрк аба жолдору» авиакомпаниясы 2021-жылдын 1-июлунан баштап Стамбул – Бишкек – Стамбул багыты боюнча дагы 3 каттам кошту. Эми бул багытта жумасына 17 каттам аткарылмакчы.