Улуттук Банк финансылык сабаттуулук боюнча кыргыз тилинде акысыз онлайн курстарын баштады

Улуттук Банк финансылык сабаттуулук боюнча кыргыз тилинде акысыз онлайн курстарын баштады

Улуттук Банк өнөктөштөрү менен биргеликте кыргыз тилинде финансылык сабаттуулук боюнча биринчи онлайн курстарын баштады. Бул тууралуу банктын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган онлайн-курс колдонуучулардын кеңири чөйрөсүнө арналган жана алардын жашаган жерине, убактысына карабастан, баарына билим берүү материалдарын акысыз алууга мүмкүндүк берет. Үй-бүлөлүк каржыны пландаштырууга жана башкарууга үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүн тартууга өзгөчө басым жасалат.

Курс 4 модулдан жана өлкөнүн регионалдык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыккан өз алдынча иштөө үчүн 15 тренингден турат. Окуу актуалдуу маселелерди камтып, калктын финансылык сабаттуулугундагы кемчиликтерди толтурат. Окууну ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга электрондук сертификат берилерин Улуттук Банктан кабарлашты.

Финансылык сабаттуулук боюнча онлайн окутуу курсу «Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында иштелип чыккан жана Эл аралык Эмгек Уюму (ЭЭУ), Эл аралык Миграция Уюму ( IOM) жана Бириккен Улуттар Уюму, БУУнун Аялдар Тынчтык Фондусунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

Онлайн курска бул ecampus.itcilo.org шилтеме аркылуу кирсеңиз болот.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан жыл сайын 15 миңге чейин электромобиль алып кирүүнү көздөйт

Кыргызстан жыл сайын 15 миңге чейин электромобиль алып кирүүнү көздөйт

Кыргызстан жыл сайын 15 миңге чейин электромобилди бажы төлөмүсүз импорттоону пландап жатат. Бишкек шаарында "Улуттук электромобилдүүлүк стратегиясына карай" аттуу семинар өтүп, анда электромобилдер рыногун өнүктүрүү жана кубаттоо инфраструктурасын кеңейтүү маселелери талкууланганын Климаттык каржылоо борбору билдирди. Учурда: * Өлкө боюнча 230дөн ашык кубаттоо станциясы иштеп жатат. * Алардын ичинен 60ка жакыны

Венчурдук каржылоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты

Венчурдук каржылоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты

Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети 2-марттагы жыйынында "Венчурдук каржылоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Мыйзам долбоорунун демилгечиси

ТИМ Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин билдирди

ТИМ Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин билдирди

Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экендигин 3-мартта Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу брифинг учурунда ТИМ билдирди. Анын ичинен 10 миңге жакын кыргызстандык Бириккен Араб Эмирлигинде жүрөт. Катарда 800дөй, Сауд Арабиясында 5 миңден ашуун жана Израилде 100гө жакын кыргыз жараны бар. Мындан тышкары Кувейт, Бахрейн жана Иорданияда жүргөндөр миңге чукул.

Бишкекте жоогазын фестивалы башталды

Бишкекте жоогазын фестивалы башталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги "ТюлпанЛенд" компаниясы менен биргеликте жоогазын фестивалын баштады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Фестиваль 2-марттан 10-мартка чейин уланат. Иш-чаранын алкагында жоогазын гүлдөрү дүң жана чекене баада сатыкка коюлууда. Баалар 75 сомдон башталат. Каалоочулар гүлдөрдү дүң жана чекене түрдө сатып алуу