Алкоголдук жана тамеки продукцияларын маркалоо процесси уланууда
Кечээ, 7-июлда Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов алкоголдук жана тамеки продукцияларын санариптик идентификациялоо каражаттары аркылуу маркалоону киргизүү процессин текшерди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Текшерүүнүн жүрүшүндө «Товарларды маркалоо» маалыматтык тутуму жана «Текшер» элдик жана инспектордук көзөмөлдүн уюлдук тиркемеси сунушталды.
Бул система аркылуу спирт ичимдиктерин жана тамеки буюмдарын өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар өз продукцияларын каттоодон өткөрүп, маркалоочу коддорун ала алышат. Мобилдик тиркеме аркылуу керектөөчүлөр продукт жөнүндө толук маалымат ала алат, ошондой эле анын аныктыгын текшерип, жасалма товарлар табылган учурда, салык кызматына тиешелүү чараларды кабыл алуусу үчүн ыкчам белги берүү менен табылган мыйзам бузуулар жөнүндө маалымат бере алат.
Маалымдама:
2021-жылдын 1-июлунан тартып, КР алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге санариптик идентификация каражаттары аркылуу милдеттүү түрдө маркалоону киргизген. Продукциянын маркировкасы – бул машинада окула турган формадагы белгилердин уникалдуу ырааттуулугу. Милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон товарлардын өндүрүүчүсү же импортеру маркалоо коддорун алышы жана колдонушу тийиш.