Centerra Gold КРнын Өкмөтүнө жана «Кыргызалтын» ААКсына кошумча дооматтарды койду
Centerra Gold Inc. арбитраждык сотто КРнын Өкмөтүнө кошумча доо арыздарды келтирип, «Кумтөр» кенин мыйзамсыз экспроприациялагандыгына байланыштуу, «Центерранын» ири акционери болгон «Кыргызалтын» ААК мамлекеттик ишканасына дооматтарды койду. Мындай билдирүү компаниянын сайтында кечээ, 7-июлда жарыяланган.
Centerra Кыргызстандын өкмөтүн жана «Кыргызалтын» ААКны алтын кенин тартып алуу боюнча «узак мөөнөттүү инвестициялык келишимдерди бузду жана Центеррага эч кандай компенсация төлөгөн жок» деген айып менен кеткен чыгымдардын бардыгы үчүн жоопко тартууга ниеттенүүдө.
Түзөтүлгөн арбитраждык билдирүүдө «Кыргызалтын» ААКсы кыргыз өкмөтү менен тымызын иш алып барып, убактылуу «тышкы башкарууну» жамынып алып, кенди көзөмөлгө алганы жана Кумтөрдүн иши менен «Центеррадагы» үлүшү боюнча өкмөттүн көрсөтмөсү боюнча иш алып барып жаткандыгы айтылат.
«Акционер катары бейтарап аянтчада ар кандай талаш-тартыштарды адилеттүү арбитраж аркылуу чечүү милдетин аткаруунун ордуна, өкмөт жана анын адамдары менен иш алып барып, «Центерранын» инвестициясын жана миңдеген кыргыз жумушчуларынын өмүрүн тобокелге салып, «Кумтөр» кенин экспроприациялоону көздөштү», – дейт президент жана аткаруучу директор Скотт Перри.
Скотт Перри компания бул талаш-тартышты кыргыз бийлиги менен конструктивдүү диалогдо чечүүнү туура деп эсептейт, бирок кыргыз өкмөтү сүйлөшүүдөн бир нече жолу баш тартуусу арбитраждык жана башка мыйзамдуу жолдор менен натыйжалуу каражаттарды издөөдөн башка арга калтырбай жатат деп кошумчалады.
- Белгиленгендей, 16-майда Centerra өзүнүн 100% туунду компаниясы «Кумтөр Голд Компани» (КГК) ишканасына каршы аракеттерге, анын ичинде негизсиз айып пулдарды жана салык талаптарын, ошондой эле «КГКны» «тышкы башкарууга» жол берген мыйзамга жооп иретинде арбитраждык сот ишин баштаган.
- Колдонулуп жаткан инвестициялык келишимдерге ылайык, «Центерранын» талаптары Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык соода мыйзамдары боюнча комиссиясынын (ЮНСИТРАЛ) Швециянын Стокгольм шаарында өтүүчү арбитраждык сот өндүрүшүндө каралат.
- Келишимдерге ылайык, колдонулуп жаткан мыйзам Нью-Йорк штатынын мыйзамы болуп саналат. «Центерра» Гаагадагы Арбитраждык Туруктуу Соттон арбитрди тезинен тандоо үчүн компетенттүү органды дайындоону суранды.