Кыргызстан 20 мамлекеттин эмдөө сертификаттарын тааныйт
Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги 20 мамлекеттен коронавируска каршы эмдөө сертификаттарын тааныйт. Бул тууралуу эл аралык «Манас» аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Сертификаттары таанылган өлкөлөрдүн тизмеси:
- Улуу Британия
- Венгрия
- Катар
- Израиль
- Грузия
- Сауд Арабия Падышалыгы
- БАЭ
- Корея
- Польша
- Сан-Марино
- Казахстан
- Өзбекстан
- Россия
- Румыния
- АКШ
- Түркия
- Германия
- Франция
- Швейцария
- Евросоюз (Брюсселдеги бирикменин медициналык кызматы тарабынан берилген сертификат).
- Белгилей кетчү нерсе, Кыргызстанга киргенде 72 сааттан кечиктирбестен өткөрүлгөн ПЦР-тесттин натыйжаларын же коронавируска каршы вакцина алгандыгын тастыктаган документти көрсөтүү керек.