Шарджа – Бишкек – Шарджа туруктуу аба каттамы болот
«Манас» эл аралык аэропорту ААКсы Бишкек жана Шарджа (БАЭ) шаарларынын арасындагы туруктуу аба каттамын улантаарын кабарлады.
Авиакаттам жумасына 3 жолу – шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылмакчы.
Шарджа – Бишкек – Шарджа маршруттук каттамын Air Arabia (БАЭ) авиакомпаниясы 2021-жылдын 16-июлунан тартып ишке киргизмекчи. Учуу убактысы – төрт саатка жакын.
«МЭА» ААК учуулардын географиясын кеңейтүү жана жүргүнчүлөрдү ташууну көбөйтүү максатында жаңы авиакомпанияларды тартып , алар менен жаңы каттамдарды жүзөгө ашыруу боюнча иш жүргүзүүдө.