Кыргызстан Centerra Gold компаниясынын акционерлеринин катарынан чыгууга ниеттенүүдө
Кыргызстан Centerra Gold Inc. компаниясынын акционерлеринин катарынан чыгуу ниетинде. Башкы прокуратура менен биргеликте «Кумтөр» долбоору боюнча бардык келишимдерди денонсациялоо жараяны башталды. Бул тууралуу кечээ, 8-июлда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында билдиргенин 24.kg. кабарлады.
Ташиевдин айтымында, өлкөнүн кызыкчылыгына жооп бербеген ички ченемдик укуктук актыларын жоюу процесси башталды.
«Биз өкмөт менен 2009-жылы түзүлгөн келишимден чыгуу процессин баштадык. Бул кыргыз тараптын канадалык Centerra компаниясынын акционерлеринен чыгып кетишине алып келет. Учурда активдүү иштер жүрүп жатат», – деди ал.