Президент Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешин түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КРнын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Антикоррупциялык ишкердик кеңешти түзүүнүн негизги максаты коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу, ошондой эле бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъекттердин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп эсептелет.
Эскерте кетсек, Антикоррупциялык ишкердик кеңешин түзүү тууралуу Жапаров 23-июнда бизнес-коомчулугу менен жолугушуу учурунда айткан болчу.