Кыргызстанда дээрлик 4.5 млн адам айыл жергесинде жашайт – Улутстатком
Кыргызстанда калктын 66%ы айыл жергесинде жашайт. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитети билдирди.
2021-жылдын башында КРнын калкынын саны 6 млн 637 миң адамды түзгөн. Ошол эле учурда, алардын басымдуу үлүшү айыл жеринде жашашат, бул жалпы калктын 66%ын түзөт, же 4 млн 354 миң адам, ал эми шаар калкынын үлүшү үчтөн бир бөлүктөн көбүрөөк – 34%, же 2 млн 283 миң адамды түзөт.
2020-жылы эркектерге караганда аялдардын саны басымдуулук кылган, бул жалпы республиканын калкы үчүн мүнөздүү. 2021-жылдын башында эркектер – 3 млн 294 миң болсо (49.6%), аялдардын саны – 3 млн 343 миңди (50.4%) түзгөн. Бирок төрөт көп болгон региондордо (Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында) эркектердин саны аялдардын санынан ашат.