Кыргызстанда ишкердик боюнча дүйнөлүк Чемпионат өттү – жеңүүчү байгеси 75 млн долларлык инвестиция алууга мүмкүндүк берген эл аралык финалга катышат

Кыргызстанда ишкердик боюнча дүйнөлүк Чемпионат өттү – жеңүүчү байгеси 75 млн долларлык инвестиция алууга мүмкүндүк берген эл аралык финалга катышат

9-июлда Кыргызстанда экинчи жолу ишкердик боюнча дүйнөлүк Чемпионаттын (Entrepreneurship World Cup 2021) тандоо туру болуп өттү. Улуттук тандоо турунун финалында жалпы байгеси 1 млн долларлык жана 75 млн долларлык инвестиция алууга мүмкүндүк берген эл аралык финалга катышууга жергиликтүү стартап аныкталды. Бул тууралуу Ишкердик жана инновацияны Өнүктүрүү программасынын (PEAK) маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстандагы ишкердик боюнча дүйнөлүк Чемпионаттын финалында Jannat Garden Ecofarm биринчи орунду жеңип алды. Аталган стартап 2021-жылдын ноябрь айында өтө турган эл аралык финалда дүйнөдөгү эң мыкты 100 стартап тизмесине кирүүгө 200 мамлекеттен келген башка жеңүүчүлөр менен ат салышат.

Ошондой эле Jannat Garden Ecofarm стартапынын негиздөөчүсү Айсулуу Дүйшебаева ОБСЕнин программалык кеңсесинен өндүрүшкө жабдууларды сатып алуу үчүн 5000 евро өлчөмүндө накталай эмес грантты утуп алды.

Jannat Garden Ecofarm компаниясы – парфюмериялык-косметикалык каражаттар үчүн органикалык лаванда жана роза эфир майларын өндүрөт, ошондой эле органикалык мөмө-жемиштер жана кол менен жасалган буюмдар ишмердиги менен алектенет.

Болжол менен программага 50 стартап жана Кыргызстандын компаниялары катышып, алардын ичинен ону финалга чыккан.

 

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарында тыюу салынган никотини бар электрондук тамекилерди саткан соода жайы аныкталды. Соода түйүнү борбор калаанын 7-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн жер төлө бөлмөсүндө жайгашкан. Маалыматка ылайык, бул соода ишин жаран Э.Д.Ж. жетектеп келген. Өнүмдөр алдын ала уюштурулган жеткирүү схемасы аркылуу курьердик

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

Бишкекте "Бир айыл — бир продукт" долбоорунун 2025-жылдагы жыйынтыгын чыгарган улуттук бренддер сынагы өттү. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында өлкөнүн бардык аймактарынан келген 57 аталыштагы продукция көрсөтүлдү. Сынактын жеңүүчүлөрү: * 1-орун (алтын медаль): "Дан куурай концентраты" (Нургүл Исакова, Баткен облусу); * 2-орун (күмүш медаль): "Мисте печенеси&

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

2026-жылдын январь айында Кыргызстанда кайра иштетүүчү өндүрүш тармагындагы продукциянын көлөмү 51 млрд 198,6 млн сомду түзгөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу тармак боюнча физикалык көлөмдүн индекси 112,0%ды түзүп, өндүрүш көлөмүнүн өскөнүн көрсөттү. Кайра иштетүү өнөр жайынын түзүмүндө эң чоң үлүш негизги металлдарга жана даяр

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча "Muhamet Malo – 2026" эл аралык рейтингдик турниринде 76 кг чейинки салмак ченинде мелдештин жеңүүчүсү болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал турнирдин алгачкы баскычтарынан баштап эле атаандаштарына мүмкүнчүлүк берген жок: * 1/8 финал: Гулмарал