Энелерди коргоонун жакырчылык менен күрөшүүгө жана экономиканын өнүгүүсүнө тийгизген таасири

Энелерди коргоонун жакырчылык менен күрөшүүгө жана экономиканын өнүгүүсүнө тийгизген таасири

Адатта, энелерди коргоо социалдык жана медициналык маселе катары каралат. Бирок, кош бойлуу аялдарды жакшы эмгек шарттары менен камсыз кылуу – өлкөнүн экономикалык туруктуулугунда жана жакырчылык менен күрөшүүдө маанилүү ролду ойнойт.

1952-жылы Эл аралык Эмгек Уюму эмгек рыногунун өнүгүшүн эске алуу менен энелерди коргоо боюнча Конвенцияны иштеп чыккан. Кыргызстан бул конвенцияны ратификациялай элек, бирок адистердин айтымында, эл аралык келишим эмгек рыногундагы аялдардын абалын кыйла жакшырта алат.

Энелерди коргоо боюнча конвенцияда эмнелер айтылат

Аталган документ аялдар менен эркектердин мүмкүнчүлүктөрүнүн бирдей болушун камсыз кылуу үчүн зарыл. Конвенциянын статьялары бардык аялдарга, анын ичинде адаттан тышкаркы жумуштун түрлөрү менен алектенгендерге да тиешелүү.

  • Декреттик өргүү

Аял кош бойлуу мезгилинде жана төрөт учурунда 14 жумадан кем эмес өргүү алууга укуктуу болуш керек (мөөнөттүн узактыгы мамлекеттер тарабынан белгиленет). Эгерде мыйзамда башка мөөнөт белгиленбесе, бала төрөлгөндөн кийин алты жумалык милдеттүү декреттик өргүү каралат.

Эгерде иш жүзүндө бала төрөлгөн күн болжолдонуп берилген өргүү датасынан айырмаланса, баары бир аялдын эс алуу күндөрү кыскарбайт. Кыйналып, же ооруп калса, ага дагы кошумча өргүү берилиши шарт.

  • Жөлөкпул

Кош бойлуулук мезгилинде жана декреттик өргүүдө аялдар өзүнө жана баласына жетиштүү жашоо деңгээлин камсыз кылган жеңилдиктерди алууга укуктуу. Жөлөкпулдар мурдагы эмгек акынын кеминде үчтөн экисин түзүшү мүмкүн.

Эгерде кандайдыр бир себептер менен бул маселе боюнча мыйзамда эч кандай чара каралбаса, тагыраак айтканда, аял иш берүүчүдөн жардам ала албаса, анда ал социалдык жардам фондунан жетиштүү жөлөкпул алууга укуктуу.

  • Медициналык жардам

Медициналык жардам аялга жана анын баласына улуттук мыйзамдарга ылайык көрсөтүлөт. Медициналык кызмат төрөгөнгө чейинки, төрөгөн мезгилде жана төрөгөндөн кийин, ошондой эле ооруканага жатуу керек болгон учурда да көрсөтүлөт. Бул үчүн каражат милдеттүү социалдык камсыздандыруу фондунан же коомдук фонддордон төлөнүшү керек.

Эгерде мыйзамда булар каралбаса же өкмөт, жумуш берүүчү жана кызматкердин макулдашуусу жок болсо, иш берүүчү чыгымдарды төлөөгө милдеттүү эмес.

Эгерде өлкөнүн экономикасы жетиштүү деңгээлде өнүккөн эмес болсо, анда мамлекет оорунун чыгашасына жараша жөлөкпул төлөйт. Бирок, мамлекет конвенцияны кабыл алуунун алгачкы докладында эле жөлөкпулдун өлчөмүн жана берилген жеңилдиктердин көлөмүн көрсөтөт. Андан ары жөлөкпулдарды көбөйтүү чаралары жөнүндө маалымат берет.

  • Жумуш ордун сактоо жана дискриминацияга жол бербөө

Төрөттөн башка себептерден улам жумуштан бошотуу учурларынан тышкары, кош бойлуу жана декреттик өргүү учурунда аялды жумуштан кетирүү мыйзамсыз болуп саналат.

Кош бойлуулук жана декреттик өргүү аяктагандан кийин, аялга мурдагы жумушуна кайтып келүүгө же эмгек акысы ошондой ставкадагы жумуш орун менен камсыз кылууга кепилдик берилиши керек.

Жумуш ордунда аял кош бойлуулугунун айынан басмырлоого дуушар болбошу керек. Мындан тышкары, жумушка орношууда аялдардан кош бойлуулук боюнча справка же анализ талап кылынбайт. Бирок, кош бойлуу же бала эмизген аялдар үчүн иштөөгө мыйзам тарабынан тыюу салынса же ден-соолукка коркунуч туулса, анда билдирүү кагазы талап кылынат.

  • Эмизген энелер

Баласын эмизүү үчүн аялга күнүнө бир же бир нече тыныгуу берилиши керек. Мындай тыныгуулар  жумуш убактысы катары эсептелет.

Кыргызстанда абал кандай

Эмгек тармагындагы гендердик теңчилик боюнча эксперт Кайыргүл Садыбакасованын айтымында, Кыргызстандагы аялдар эмгек рыногунда басмырлоого туш болушат, бирок мындай көрүнүш, жумуш берүүчүлөрдүн да, жумуш издөөчүлөрдүн да мыйзамдарды билбегендигинен келип чыгат.

Мисалы, Кыргызстанда маектешүү учурунда аялдардан жеке жашоосундагы пландары жана кичинекей балдарынын бары-жогу жөнүндө сураган учурлар көп болот.

«Гендердик дискриминация боюнча бизде бирдей укуктар жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө мыйзам бар. Бирок аялдар өздөрү дискриминацияга туш болгонун түшүнүшпөйт. Жумуш берүүчү анын жеке жашоосу жөнүндө суроолорду берет, анткени ал тобокелге барып жатат, себеби, кызматкер балдарына кам көрүү үчүн убактысы кетиши мүмкүн», – деди эксперт.

Бирок эксперттин айтымында, ири уюмдар бул маселеде кабыл алынган стандарттарды сактоого аракет кылып жатышат.

Жөлөк пулдарга токтолсок, учурда расмий түрдө иштеген аялдар гана аларга ишене алышат. Ошондой эле, Кыргызстанда жарандардын көбү ар кандай жумуштар менен алектенишет.

«Бизде патент менен иштегендер бар, дыйкан чарбаларында эмгектенгендер бар, соттолгон аялдар бар, алардын бардыгы жөлөкпул алууга укуктуу. Дагы бир маселе, аларга жөлөкпул төлөө ар кандай жүргүзүлөт. Расмий эмес сектордо иштегендер жеңилдиктерди ала албайт», – деди эксперт.

Садыбакасова белгилегендей, Кыргызстанда адаттан тыш, тагыраак айтканда, расмий эмес жумуш менен алектенгендерге кимдер кирээри тууралуу так бир аныктама жок. Аларга мезгилдүү, убактылуу эмгектенгендерди, гувернанттарды, үй жумушчулары ж.б.у.с. киргизсе болот. Конвенцияда үч өнөктөш – мамлекет, жумуш берүүчүлөр жана профсоюздар  бул маселелерди чечиши керек деп айтылат.

Башкача айтканда, энелердии коргоо боюнча Конвенцияны ратификациялоо расмий эмес иштеген аялдарды мыйзамдаштырууга жардам берет, анткени эл аралык келишимге ылайык, бардык иштеген аялдар жөлөк пул алууга укуктуу.

«Белгилүү бир убакка чейин жөлөк пул алган аялдарды көбөйтөбүз деп айта алабыз. Башкача айтканда, бул үч өнөктөштүн ортосундагы диалог», – деди эксперт.

Энелерди коргоонун экономикага тийгизген таасири

Адатта, энени коргоого байланыштуу бардык нерселер медициналык маселе катары каралат, бирок бул ден-соолугу чың, эмгекке жарамдуу улуттун өнүгүшүнө дагы чоң таасир этет.

«Эгерде кош бойлуу аялдын ден-соолугу чың болсо, эне менен ымыркайдын өлүмү азаят. Балдар келечектеги эмгек ресурсу, балдар дени сак төрөлсө, келечекте алардан сапаттуу эмгек кадрлары чыгат», – дейт эксперт.

Аялдардын эмгек рыногундагы укуктарын камсыз кылуу жакырчылыкты жоюуда чоң рол ойнойт, иштеген аялдар өз фондунан иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок башка категориядагы жарандарды камсыз кылып, экономиканын жана социалдык кызматтардын өнүгүшүнө түрткү болушат.

«Социалдык камсыздандыруу – бул иштеген адамдын жашоосундагы абдан маанилүү учур. Бизде расмий эмес жумушта иштегендер көп, ошондуктан биз бул аялдарга жөлөк пул алууга мүмкүнчүлүк түзүү үчүн мыйзамдардын үстүндө иштешибиз керек», – деп жыйынтыктады эмгек тармагындагы эксперт.

Сүрөт: Юнисеф

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарында тыюу салынган никотини бар электрондук тамекилерди саткан соода жайы аныкталды. Соода түйүнү борбор калаанын 7-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн жер төлө бөлмөсүндө жайгашкан. Маалыматка ылайык, бул соода ишин жаран Э.Д.Ж. жетектеп келген. Өнүмдөр алдын ала уюштурулган жеткирүү схемасы аркылуу курьердик

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

Бишкекте "Бир айыл — бир продукт" долбоорунун 2025-жылдагы жыйынтыгын чыгарган улуттук бренддер сынагы өттү. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында өлкөнүн бардык аймактарынан келген 57 аталыштагы продукция көрсөтүлдү. Сынактын жеңүүчүлөрү: * 1-орун (алтын медаль): "Дан куурай концентраты" (Нургүл Исакова, Баткен облусу); * 2-орун (күмүш медаль): "Мисте печенеси&

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

2026-жылдын январь айында Кыргызстанда кайра иштетүүчү өндүрүш тармагындагы продукциянын көлөмү 51 млрд 198,6 млн сомду түзгөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу тармак боюнча физикалык көлөмдүн индекси 112,0%ды түзүп, өндүрүш көлөмүнүн өскөнүн көрсөттү. Кайра иштетүү өнөр жайынын түзүмүндө эң чоң үлүш негизги металлдарга жана даяр

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча "Muhamet Malo – 2026" эл аралык рейтингдик турниринде 76 кг чейинки салмак ченинде мелдештин жеңүүчүсү болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал турнирдин алгачкы баскычтарынан баштап эле атаандаштарына мүмкүнчүлүк берген жок: * 1/8 финал: Гулмарал