«Качан балалуу болосуңар?» Эмгек рыногундагы аялдар дуушар болгон басмырлоолор

«Качан балалуу болосуңар?» Эмгек рыногундагы аялдар дуушар болгон басмырлоолор

Кыргызстанда эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө мыйзам бар, анда ар кандай жыныстагы адамдардын саясий, социалдык, экономикалык, маданий жана башка чөйрөлөрдөгү ишмердүүлүгүн бирдей укуктар жана мүмкүнчүлүктөр менен камсыз кылуу каралган. Бирок иш жүзүндө аялдар жумушка орношкондон тартып эле ар кандай басмырлоолорго дуушар болушат.

Economist.kg басылмасынын редакциясы аялдар жумушка киргенде эң көп кандай дискриминацияларга туш келишерин билүүгө аракет кылды.

Кандай көйгөйлөр бар?

Маектешүү учурунда жеке жашоосуна тиешелүү суроолор канчалык көп берилерин билүү үчүн, редакция арыз ээлерине кайрылды. Респонденттердин бешөөнөн төртү, ушул сыяктуу суроолорду алышкан.

«Менден үй-бүлөм жөнүндө, балалуу болуу тууралуу пландарымды сурашты жана декреттик өргүүгө кете турган кызматкерди жалдоо алар үчүн пайдасыз экендигин түшүндүрүштү», – деди сурамжылоого катышкандардын бири.

AlfaLeader HR-агенттигинин жана корпоративдик окуу борборунун директору Жылдыз Шекекованын айтымында, алардын кардарлары аял кызматкерлерин таап берүүсүн суранышат, бирок ошол эле убакта бардык эле компаниялар декреттик өргүүгө шарттарды түзүп берүүгө даяр эмес.

«Ооба, жумуш берүүчүлөр төрөт курагындагы аялдарды жумушка алгандан корккон учурлар болот, бирок көбүнчө бул компаниянын жетиле электигине жана тажрыйбасыздыгына байланыштуу. Адатта, аялдар мыкты жана жоопкерчиликтүү иштегендиктен, аял-эркек маселесине маани бербегендер утушат. Ошондой эле, эмгек акы менен насыяны төлөгөн аялдардын саны эркектерге салыштырмалуу көп экендиги тууралуу статистикалык маалыматтар бар», – деди Жылдыз Шекекова.

Агенттиктин кардарлары болуп, соода агенттерин, сатуучуларды, эсеп менеджерлерин ж.б.у.с адистерди издеген чакан жана орто бизнес ишканалары эсептелет. Аялдарга артыкчылык берилгени менен, жумуш берүүчүлөр декреттик өргүүнү толугу менен төлөөгө даяр эмес.

«Аялдар төрөгөндөн 2-3 айдан кийин эле жумушка чыгуу үчүн, бала багуучуларды табууга же туугандарынан жардам сураганга аракет кылышат. Баары эле аялдарды экономикалык жактан колдоого даяр эмес. Көбүнчө «2-3 айдан кийин жумушка чыгышыңды күтөбүз» дешет. Бирок, албетте, жакшы кызматкерлерди күтүшөт. Ошол эле кезде кош бойлуу аялдардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү абдан аз», – дейт адис.

Мыйзам эмне дейт?

Мыйзамга ылайык, түздөн-түз гендердик басмырлоого аялдын үй-бүлөлүк абалы, кош бойлуулугу, пландалып жаткан кош бойлуулук жана үй-бүлөлүк милдеттери тууралуу суроолор кирет.

Мыйзамда мамлекеттик жана муниципалдык кызматка орношууда гендердик теңчиликтин кепилдиктери жөнүндө өзүнчө берене бар, анда ар кандай жыныстагы адамдар мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө, кызматка көтөрүлүүдө жана ишмердигин андан ары жүргүзүүдө бирдей укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ экендиги айтылган.

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери гендердик саясатты эске алуу менен, кызматкерлердин карьералык өсүш саясатын иштеп чыгышы керек.

Эркектер менен аялдар президенттике, жогорку мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кызматтарга шайлануу үчүн бирдей укуктарга ээ.

Дүйнөдөгү абал

Эмгек рыногунда аялдарды басмырлоо бүткүл дүйнөдө кеңири жайылган. Human Rights Watch эл аралык уюмунун макаласында, пандемия эң биринчи аялдарга катуу сокку урганы айтылат.

«Пандемия учурунда аялдар эмгек рыногунан биринчилерден болуп бошотулушту, анткени алар көп учурда эркектерге караганда аз айлык төлөнгөн жана эмгек кепилдиги каралбаган расмий эмес жумуштар менен алектенишет. Өткөн жыл аялдар үчүн чыныгы экономикалык бир кырсык болду», – деп айтылат макалада.

Мындан тышкары, окуу мекемелери жабылгандыктан, дүйнө жүзү боюнча миллиондогон аялдар жумуштан кетүүгө аргасыз болушкан.

БУУнун божомолунда, 2021-жылдын сентябрына чейин пандемиянын кесепетинен, кошумча 47 миллион аял жакырчылыкка кириптер болот.

«Бийликти аялдарды жумуш ордунда басмырлоодон коргоо үчүн мыйзамдарды кабыл алууга мажбурлаган Эл аралык Эмгек Уюмунун жаңы конвенциясы сыяктуу куралдар бар. Ага ылайык, көптөгөн мамлекеттер аялдарга декреттик өргүүсүн төлөп беришет жана ал конвенциянын жардамы менен ажырашуу, мурас боюнча кырдаалдарда алардын менчик укуктарынын юридикалык кепилдиктеринин абалы да жакшырууда», – деп айтылат макалада.

Энелерди коргоо конвенциясы

Эл аралык Эмгек Уюму эмгек рыногундагы бардык аялдардын тең укуктуулугун, эне менен баланын ден-соолугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, документти ратификациялаган мүчө мамлекеттердин экономикалык жана социалдык өнүгүүсүндөгү айырмачылыктарды эске алуу менен, энелерди коргоо боюнча конвенция иштеп чыккан.

Өлкөдө эркектерге караганда аялдардын саны көп экендигине карабастан, Кыргызстан бул конвенцияны ратификациялай элек. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстандагы аялдардын саны дээрлик 3 млн 286 миң, ал эми эркектердин саны 3 млн 238 миң.

Жогорудагы маалыматтар көрсөткөндөй, аялдар эмгек рыногундагы аярлуу катмарга киришет. Улуттук мыйзамда гендердик теңчилик каралганы менен, бирок иш жүзүндө маселе аялдарды эмгек рыногунда коргоонун механизмдерин өркүндөтүүнү талап кылып келет.

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарында тыюу салынган никотини бар электрондук тамекилерди саткан соода жайы аныкталды. Соода түйүнү борбор калаанын 7-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн жер төлө бөлмөсүндө жайгашкан. Маалыматка ылайык, бул соода ишин жаран Э.Д.Ж. жетектеп келген. Өнүмдөр алдын ала уюштурулган жеткирүү схемасы аркылуу курьердик

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

Бишкекте "Бир айыл — бир продукт" долбоорунун 2025-жылдагы жыйынтыгын чыгарган улуттук бренддер сынагы өттү. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында өлкөнүн бардык аймактарынан келген 57 аталыштагы продукция көрсөтүлдү. Сынактын жеңүүчүлөрү: * 1-орун (алтын медаль): "Дан куурай концентраты" (Нургүл Исакова, Баткен облусу); * 2-орун (күмүш медаль): "Мисте печенеси&

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

2026-жылдын январь айында Кыргызстанда кайра иштетүүчү өндүрүш тармагындагы продукциянын көлөмү 51 млрд 198,6 млн сомду түзгөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу тармак боюнча физикалык көлөмдүн индекси 112,0%ды түзүп, өндүрүш көлөмүнүн өскөнүн көрсөттү. Кайра иштетүү өнөр жайынын түзүмүндө эң чоң үлүш негизги металлдарга жана даяр

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча "Muhamet Malo – 2026" эл аралык рейтингдик турниринде 76 кг чейинки салмак ченинде мелдештин жеңүүчүсү болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал турнирдин алгачкы баскычтарынан баштап эле атаандаштарына мүмкүнчүлүк берген жок: * 1/8 финал: Гулмарал