Баалардын жогорулашы жалпы дүйнөлүк тенденция болуп саналат – Экономика министрлиги

Баалардын жогорулашы жалпы дүйнөлүк тенденция болуп саналат – Экономика министрлиги

КРда инфляциянын деңгээли алтынчы ай катары менен максаттуу мааниден 5-7% жогору бойдон калууда. Инфляциянын жылдык мааниси 107.3%ды түздү (өткөн жылдын декабрына карата 2021-жылдын январь-июну). Инфляциянын жылдык орточо деңгээли 110.8%ды (2021-жылдын январь-июну 2020-жылдын январь-июнуна карата) түзгөнүн Экономика министирлиги маалымдайт.

Министрликтин маалыматына таянсак, өлкөдө баалардын өсүшү бир катар факторлор менен байланыштуу. Бирок, баалардын көтөрүлүшүнүн негизги себеби – дүйнө жүзү боюнча азык-түлүк товарларынын наркынын кыйла жогорулашы менен байланыштуу. FAO азык-түлүк бааларынын индекси (FFPI) учурда 12-айдан бери жогорулап жатат, бул акыркы 10 жылдан бери байкалган эмес.

Пандемия салттуу жеткирүү тармагынын үзгүлтүккө учурашына, жеткирүүчүлөрдүн өзгөрүшүнө жана башка кыйынчылыктарга алып келип, азык-түлүк импортунун наркынын индексин, анын ичинде транспорттук чыгымдарды акыркы 15 жылда болуп көрбөгөндөй жогорку чекке жеткирди.

Дүйнөлүк бааларга суроо-талаптар, пандемия, ошондой эле аба ырайынын жагымсыз шарттары таасирин тийгизүүдө. Мисалы, кургак аба ырайы бул түшүмдүн көлөмүнө таасирин тийгизди. Маселен, дүйнөдө күн карама майын өндүрүүчүлөрдүн бири болгон РФнын күн карама түшүмүнүн төмөндөшүнө байланыштуу дүң жеткирүүлөрдүн баасы көтөрүлдү. Ошондой эле жагымсыз аба ырайы Бразилияда, Европа Бирлигинде, РФда жана Таиландда кант өндүрүшүнүн төмөндөшүнө алып келди.

Азыркы учурда, бардык жерлерде ушундай болуп жатат, атап айтканда ЕАЭБ өлкөлөрүндө, керектөө бааларынын жана тарифтеринин көтөрүлүшү орто эсеп менен дээрлик 2 эсеге байкалган, ошондуктан өндүрүүчүлөрдү сунушту карманууга үндөгөн экспортко тыюу салуу жана агрессивдүү сатып алуу сыяктуу соода саясатынын чаралары кабыл алынууда деп билдирет Экономика министрлиги.

КР баалардын өсүшүн токтотуу үчүн кандай чараларды көрүүдө?

  • буудай, буудай ун, кант, күрүч, өсүмдүк майы жана жумуртка сыяктуу айыл чарба продукцияларынын айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салды
  • тоютту: чөп, кошмо тоют, жүгөрү, арпаны экспортко чыгарууга толук тыюу салды
  • республиканын айыл чарбасын минералдык жер семирткичтер менен өз убагында жана толук камсыздоо, жазгы талаа иштерин жүргүзүү мезгилинде аларга баанын жогорулашына жол бербөө үчүн КРдан минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен сырткары алып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салды
  • 2021-жылдын 8-июлунан тартып, ири мүйүздүү жана майда мал жандыктарды экспорттоого тыюу салды
  • 3 миң тонна кант жана өсүмдүк майы сатылып алынды
  • азык-түлүк товарларына болгон рыноктук бааларды турукташтыруу, калктын социалдык аялуу катмарларына колдоо көрсөтүү максатында 2021-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейинки мезгилге Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан импорттолуучу (алып келинүүчү) рафинаддалган кант жана өсүмдүк майынын салык салынуучу импорту боюнча ноль (0) % өлчөмүндө жана ишкердик субъекттери үчүн импорт жана ички жеткирүүлөр үчүн 1-июлдан 31-августка чейин КНСтин чени белгиленген
  • 2021-жылдын 1-майынан баштап социалдык маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө (өсүмдүк майы, күнкарама, кумшекер) бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди
  • ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетүүчү ишканалардын тизмеси бекитилген, алар КНСти 80%га азайтуу менен төлөшөт. Дан (күрүчтөн башка), жашылча өсүмдүктөрүнөн жана жаңгактан ун чыгаруу аталган тизмеге киргизилген.

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарында тыюу салынган никотини бар электрондук тамекилерди саткан соода жайы аныкталды. Соода түйүнү борбор калаанын 7-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн жер төлө бөлмөсүндө жайгашкан. Маалыматка ылайык, бул соода ишин жаран Э.Д.Ж. жетектеп келген. Өнүмдөр алдын ала уюштурулган жеткирүү схемасы аркылуу курьердик

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

Бишкекте "Бир айыл — бир продукт" долбоорунун 2025-жылдагы жыйынтыгын чыгарган улуттук бренддер сынагы өттү. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында өлкөнүн бардык аймактарынан келген 57 аталыштагы продукция көрсөтүлдү. Сынактын жеңүүчүлөрү: * 1-орун (алтын медаль): "Дан куурай концентраты" (Нургүл Исакова, Баткен облусу); * 2-орун (күмүш медаль): "Мисте печенеси&

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

2026-жылдын январь айында Кыргызстанда кайра иштетүүчү өндүрүш тармагындагы продукциянын көлөмү 51 млрд 198,6 млн сомду түзгөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу тармак боюнча физикалык көлөмдүн индекси 112,0%ды түзүп, өндүрүш көлөмүнүн өскөнүн көрсөттү. Кайра иштетүү өнөр жайынын түзүмүндө эң чоң үлүш негизги металлдарга жана даяр

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча "Muhamet Malo – 2026" эл аралык рейтингдик турниринде 76 кг чейинки салмак ченинде мелдештин жеңүүчүсү болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал турнирдин алгачкы баскычтарынан баштап эле атаандаштарына мүмкүнчүлүк берген жок: * 1/8 финал: Гулмарал