Баткендеги апаат – селдин зыяны такталууда
Баткен облусунда 19-июлда жүргөн селдин зыяны такталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген маалыматы боюнча, учурда аймакта тазалоо иштери уланууда жана ӨКМдин 52 куткаруучусу иштеп жатат.
Эскерте кетсек, Баткен жана Лейлек райондорунун бир топ аймактарында сел жүргөн. Жараталыш кырсыгында 16 жаштагы өспүрүм курман болгон.
Лейлек районунун Ак-Терек айылында 25 турак үй, бир мектеп, бир бала-бакча жана бир мечиттин короосу, ички чарбалык жолдор жабыркаган. Андан сырткары Баткенде районундагы турак жайларды, мектепти жана бала бакчанын короосун суу каптаган.