КРда пневмония оорусуна чалдыккандар өткөн жылга салыштырмалуу 24%га көбөйдү

КРда пневмония оорусуна чалдыккандар өткөн жылга салыштырмалуу 24%га көбөйдү

Республикада пневмония оорусуна чалдыгуулар өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 24%га көбөйдү. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда КРнын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин ыкчам маалыматтары боюнча, жалпы республика боюнча пневмония оорусуна чалдыгуулардын 16 миңден ашык учуру катталды, бул өткөн жылдын  тиешелүү мезгилине салшытырмалуу 24.3%га көп.

Өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу пневмония оорусуна чалдыгуулардын Нарын облусунда – 1.7 эсеге, Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында – 1.6 эсеге олуттуу көбөйгөнү белгиленди. Ошол эле учурда, оорулардын саны Баткен облусунда – 25.3%га жана Талас облусунда – 20.1%га төмөндөдү.

Пневмония оорусуна чалдыгуулардын жалпы санындагы эң чоң үлүшү Чүй облусуна – 20.3%, Жалал-Абад облусуна – 17.6% жана Ош облусуна – 15.1% туура келди.

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарында тыюу салынган никотини бар электрондук тамекилерди саткан соода жайы аныкталды. Соода түйүнү борбор калаанын 7-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн жер төлө бөлмөсүндө жайгашкан. Маалыматка ылайык, бул соода ишин жаран Э.Д.Ж. жетектеп келген. Өнүмдөр алдын ала уюштурулган жеткирүү схемасы аркылуу курьердик

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

Бишкекте "Бир айыл — бир продукт" долбоорунун 2025-жылдагы жыйынтыгын чыгарган улуттук бренддер сынагы өттү. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында өлкөнүн бардык аймактарынан келген 57 аталыштагы продукция көрсөтүлдү. Сынактын жеңүүчүлөрү: * 1-орун (алтын медаль): "Дан куурай концентраты" (Нургүл Исакова, Баткен облусу); * 2-орун (күмүш медаль): "Мисте печенеси&

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

2026-жылдын январь айында Кыргызстанда кайра иштетүүчү өндүрүш тармагындагы продукциянын көлөмү 51 млрд 198,6 млн сомду түзгөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу тармак боюнча физикалык көлөмдүн индекси 112,0%ды түзүп, өндүрүш көлөмүнүн өскөнүн көрсөттү. Кайра иштетүү өнөр жайынын түзүмүндө эң чоң үлүш негизги металлдарга жана даяр

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча "Muhamet Malo – 2026" эл аралык рейтингдик турниринде 76 кг чейинки салмак ченинде мелдештин жеңүүчүсү болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал турнирдин алгачкы баскычтарынан баштап эле атаандаштарына мүмкүнчүлүк берген жок: * 1/8 финал: Гулмарал