Кыргызстан ЕБтен COVAX вакцинасын бөлүү процессин тездетүүнү суранды

Кыргызстан ЕБтен COVAX вакцинасын бөлүү процессин тездетүүнү суранды

Кыргызстан Европа Бирлигинен COVAX программасынын алкагында вакциналарды бөлүп берүү процессин тездетүүнү суранды. Бул өтүнүчтү КРнын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев өткөн жумада Европа Бирлигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала менен жолугушуусунда билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу Ташкент шаарында өттү. Тараптар КР менен ЕБ ортосундагы өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы макулдашууну ишке ашыруунун алкагында кызматташтыкты жана аны андан ары өнүктүрүү пландарынын келечегин талкуулашты.

ЕБ Кыргызстанга реформаларды жүргүзүүдө, анын ичинде 2021-2027-жылдарга карата көп жылдык жана региондук индикативдик программалардын алкагында ар тараптуу жардам жана колдоо көрсөтүүнү улантууга даярдыгын билдирди.

Тараптар ошондой эле Афганистандагы кырдаалды, өнүгүү жолундагы божомолдорду, өлкөдө тынчтыкты сактоо жана туруктуулукту орнотуу боюнча биргелешкен кадамдарды талкуулашты.

Алар 2021-жылы Бишкекте өтө турган Биринчи Европа Бирлиги – Борбор Азия экономикалык форумун даярдоого жана өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарында тыюу салынган никотини бар электрондук тамекилерди саткан соода жайы аныкталды. Соода түйүнү борбор калаанын 7-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн жер төлө бөлмөсүндө жайгашкан. Маалыматка ылайык, бул соода ишин жаран Э.Д.Ж. жетектеп келген. Өнүмдөр алдын ала уюштурулган жеткирүү схемасы аркылуу курьердик

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

Бишкекте "Бир айыл — бир продукт" долбоорунун 2025-жылдагы жыйынтыгын чыгарган улуттук бренддер сынагы өттү. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында өлкөнүн бардык аймактарынан келген 57 аталыштагы продукция көрсөтүлдү. Сынактын жеңүүчүлөрү: * 1-орун (алтын медаль): "Дан куурай концентраты" (Нургүл Исакова, Баткен облусу); * 2-орун (күмүш медаль): "Мисте печенеси&

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

2026-жылдын январь айында Кыргызстанда кайра иштетүүчү өндүрүш тармагындагы продукциянын көлөмү 51 млрд 198,6 млн сомду түзгөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу тармак боюнча физикалык көлөмдүн индекси 112,0%ды түзүп, өндүрүш көлөмүнүн өскөнүн көрсөттү. Кайра иштетүү өнөр жайынын түзүмүндө эң чоң үлүш негизги металлдарга жана даяр

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча "Muhamet Malo – 2026" эл аралык рейтингдик турниринде 76 кг чейинки салмак ченинде мелдештин жеңүүчүсү болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал турнирдин алгачкы баскычтарынан баштап эле атаандаштарына мүмкүнчүлүк берген жок: * 1/8 финал: Гулмарал