Калктын мамлекеттик органдарга ишеним индекси 26.0 балл – Улутстатком

Калктын мамлекеттик  органдарга ишеним индекси 26.0 балл – Улутстатком

Улутстаткомдун жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгы боюнча, калктын КРнын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин, облустардагы КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигине болгон ишениминин индекси – 26.0 баллды түздү.

Изилдөө 2021-жылдын июнь айында жүргүзүлгөн, анын жүрүшүндө 18 жаштан 75 жашка чейинки жаштагы КРнын 3600 жараны катышкан.

Калктын ишениминин индекси «КРнын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин, облустардагы КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоо жөнүндө» Өкмөттүн 2016-жылдын 17-июнундагы №329 токтомуна ылайык жүргүзүлгөн элди сурамжылоо маалыматтарынын негизинде эсептелген.

Мындан тышкары окуңуз

А.Касымалиев: "Пенсия келерки жылы калкка байкаларлыктай көбөйтүлөт"

А.Касымалиев: "Пенсия келерки жылы калкка байкаларлыктай көбөйтүлөт"

Пенсиянын реалдуу өсүшү Кыргызстандын өкмөтү үчүн маанилүү болуп саналарын жана бийлик пенсияларды индексациялоонун системалуу жана туруктуу моделин түзүүнүн үстүндө иш алып барып жатканын МинКабдын төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылдын жыйынтыгын жана өзүнүн кызматындагы биринчи жылды жыйынтыктап жатып билдирди. "Биз пенсиянын өлчөмүн инфляциянын деңгээлинен жогору көтөрөбүз, ошондо пенсиянын реалдуу өсүшү камсыз

Бишкекте №2 электробус каттамы иштей баштайт

Бишкекте №2 электробус каттамы иштей баштайт

19-декабрдан баштап Бишкек шаарында №2 троллейбус каттамынын ордуна жаңы №2 электробус каттамы иштей баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы маршрут Аламүдүн-1 кичи районунан Фрунзе заводуна (Интергельпо көчөсү) чейин жүрөт. Электробустар мурда троллейбустар тейлеген жолду алмаштырып, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу жана заманбап транспорт менен кызмат көрсөтөт.

Ишкерлер үчүн маалымкаттарды, уруксаттарды алуу процесстери жеңилдетилет

Ишкерлер үчүн маалымкаттарды, уруксаттарды алуу процесстери жеңилдетилет

Кечээ Адылбек Касымалиев жергиликтүү телеканалдарга берген маегинде ишкерлер үчүн маалымкаттар менен уруксаттарды алуу процессин тездетүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди. Касымалиев белгилегендей, буга чейин айдоочулар ар кандай маалымкаттарды чогултуп, эки-үч мамлекеттик органга кайрылууга мажбур болуп, бул процесс бир жумага чейин созулчу. Азыр 100 күндүн ичинде процесс санариптештирилип, электрондук

Кара-Сууда 105 млн сомго курулган жаңы мектеп жакында ачылат

Кара-Сууда 105 млн сомго курулган жаңы мектеп жакында ачылат

Кара-Суу районунун Кайрагач айылында жаңы мектептин курулушу толук аяктап, жакынкы күндөрү окуучуларга эшигин ачат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. 275 орунга ылайыкталган мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, долбоордун жалпы наркы 105 миллион сомду түздү. Жаңы мектеп төрт блоктон туруп, эки кабаттуу окуу имаратын, жыйындар залын