ОКӨФ Ысык-Көлдө жаңы ачылган канаттуулар фабрикасына 3.5 млн. доллар инвестиция салды

ОКӨФ Ысык-Көлдө жаңы ачылган канаттуулар фабрикасына 3.5 млн. доллар инвестиция салды

Ысык-Көлдө жаңы ачылган «АГРО КУШ» ЖЧКсына Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан келген инвестициялардын жалпы көлөмү 3.5 млн долларды түздү. Мындай маалыматты фонддун маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ, 21-июлда Ысык-Көлдө «АГРО КУШ» канаттуулар фабрикасынын ачылышы болуп өткөн жана аталган фабрика адал стандарттарына ылайык, эттүү тукумдагы бройлер тоокторун көбөйтүүгө жана багууга, андан кийин союуга, кайра иштетүүгө адистешкен.

Долбоор КРда канаттуулар эти менен импорттун ордун алмаштырууну камсыз кылууга багытталган. Өнөр жай комплекси жылына 7900 тонна канаттуулардын этин өндүрүүгө мүмкүндүк берет. Келечекте, долбоор республиканын импортко болгон муктаждыгынын 50%га чейин жабууга ниеттенүүдө, же жылына 22.5 миң тонна канаттуулардын этин өндүрүүнү көздөөдө.

Долбоорду ишке киргизүүнүн натыйжасында, жергиликтүү калктан 250 адам өнөр жай комплексинде жумуш менен камсыз болушкан.

Жергиликтүү өндүрүш пландалган кубаттуулугуна жеткенде, КРдан акча каражаттарынын агып чыгышы болжолдуу 11 млн долларга кыскарат деп билдиришти Фонддон.

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарында тыюу салынган никотини бар электрондук тамекилерди саткан соода жайы аныкталды. Соода түйүнү борбор калаанын 7-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн жер төлө бөлмөсүндө жайгашкан. Маалыматка ылайык, бул соода ишин жаран Э.Д.Ж. жетектеп келген. Өнүмдөр алдын ала уюштурулган жеткирүү схемасы аркылуу курьердик

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

Бишкекте "Бир айыл — бир продукт" долбоорунун 2025-жылдагы жыйынтыгын чыгарган улуттук бренддер сынагы өттү. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында өлкөнүн бардык аймактарынан келген 57 аталыштагы продукция көрсөтүлдү. Сынактын жеңүүчүлөрү: * 1-орун (алтын медаль): "Дан куурай концентраты" (Нургүл Исакова, Баткен облусу); * 2-орун (күмүш медаль): "Мисте печенеси&

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

2026-жылдын январь айында Кыргызстанда кайра иштетүүчү өндүрүш тармагындагы продукциянын көлөмү 51 млрд 198,6 млн сомду түзгөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу тармак боюнча физикалык көлөмдүн индекси 112,0%ды түзүп, өндүрүш көлөмүнүн өскөнүн көрсөттү. Кайра иштетүү өнөр жайынын түзүмүндө эң чоң үлүш негизги металлдарга жана даяр

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча "Muhamet Malo – 2026" эл аралык рейтингдик турниринде 76 кг чейинки салмак ченинде мелдештин жеңүүчүсү болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал турнирдин алгачкы баскычтарынан баштап эле атаандаштарына мүмкүнчүлүк берген жок: * 1/8 финал: Гулмарал