Улуттук банк каржылоонун исламдык принциптери боюнча вебинар өткөрөт – бардык каалоочулар катышса болот
Улуттук банк 2021-жылдын 5-августунда Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен калктын калың катмарына каржылоонун исламдык принциптери боюнча түшүнүктөрдү кеңири жайылтуу максатында вебинар өткөрөт. Бул тууралуу УБтын маалымат кызматы билдирди.
Вебинарга катышууну каалагандар 2021-жылдын 30-июлуна чейин mzholdoshov@nbkr.kg электрондук дарегине жеке электрондук почтанын дарегин жана телефон номерин жөнөтүүсү зарыл.