«Унаа» мамлекеттик мекемеси автоунааларды каттоо күбөлүгүнүн бланктарына 528 млн сом сарптайт

«Унаа» мамлекеттик мекемеси автоунааларды каттоо күбөлүгүнүн бланктарына 528 млн сом сарптайт

«Унаа» мамлекеттик мекемеси транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланктарына, эл аралык айдоочулук күбөлүктөргө жана тракторист-айдоочунун күбөлүктөрүнө 528 млн сом сарптайт. Тиешелүү жарыя мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.

Сайтта берилген маалыматка ылайык, 527 млн сом автоунаа каттоосунун күбөлүктөрүнүн бланктарын сатып алууга, 420 миң сому айдоочулук күбөлүктөрдүн бланктарына бөлүнгөн. Тракторист-айдоочунун күбөлүгүнө бланктарды сатып алууга дагы 300 миң сом каралган.

Ошол эле учурда, подрядчикке коюлган квалификациялык талаптардын тизмеси эки гана пункт менен чектелет:

  • Укуктук статусун жана катталган жерин аныктаган документ – сиз каттоодон өткөндүгүңүз жөнүндө күбөлүктүн түп нускасынын сканерден өткөрүлгөн көчүрмөсүн беришиңиз керек
  • Негизги иш-аракетти аныктоочу документ уставдын түп нускасынын сканерден өткөрүлгөн көчүрмөсүн бериш керек

Белгилей кетсек, мыйзам мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоого жана (же) персонификациялоого байланыштуу мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салбайт. Мындай мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу тартиби өкмөт тарабынан аныкталат.

Атайын мамлекеттик бланктар КРнын жарандарынын улуттук паспортторуна жана КРнын айдоочулук күбөлүктөрүнө бланктарды кошпогондо, мамлекеттик үлүшү 51% дан кем эмес мамлекеттик ишкана же башка юридикалык жак тарабынан даярдалат.

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарында тыюу салынган никотини бар электрондук тамекилерди саткан соода жайы аныкталды. Соода түйүнү борбор калаанын 7-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн жер төлө бөлмөсүндө жайгашкан. Маалыматка ылайык, бул соода ишин жаран Э.Д.Ж. жетектеп келген. Өнүмдөр алдын ала уюштурулган жеткирүү схемасы аркылуу курьердик

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

Бишкекте "Бир айыл — бир продукт" долбоорунун 2025-жылдагы жыйынтыгын чыгарган улуттук бренддер сынагы өттү. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында өлкөнүн бардык аймактарынан келген 57 аталыштагы продукция көрсөтүлдү. Сынактын жеңүүчүлөрү: * 1-орун (алтын медаль): "Дан куурай концентраты" (Нургүл Исакова, Баткен облусу); * 2-орун (күмүш медаль): "Мисте печенеси&

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

2026-жылдын январь айында Кыргызстанда кайра иштетүүчү өндүрүш тармагындагы продукциянын көлөмү 51 млрд 198,6 млн сомду түзгөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу тармак боюнча физикалык көлөмдүн индекси 112,0%ды түзүп, өндүрүш көлөмүнүн өскөнүн көрсөттү. Кайра иштетүү өнөр жайынын түзүмүндө эң чоң үлүш негизги металлдарга жана даяр

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча "Muhamet Malo – 2026" эл аралык рейтингдик турниринде 76 кг чейинки салмак ченинде мелдештин жеңүүчүсү болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал турнирдин алгачкы баскычтарынан баштап эле атаандаштарына мүмкүнчүлүк берген жок: * 1/8 финал: Гулмарал