Ысык-Көлдө жаңы ачылган канаттуулар фабрикасы «Адал» сертификатын алды

Ысык-Көлдө жаңы ачылган канаттуулар фабрикасы «Адал» сертификатын алды

Кечээ, 21-июлда Ысык-Көлдө «АГРО КУШ» канаттуулар фабрикасынын ачылышы болуп өттү жана аталган фабрика адал стандарттарына ылайык, эттүү тукумдагы бройлер тоокторун көбөйтүүгө жана багууга, андан кийин союуга, кайра иштетүүгө адистешкен. Ишкана канаттуулардын этин союу жана кайра иштетүү процесси үчүн мамлекеттик «Адал» сертификатын алды. Бул тууралуу Экономика министирлигинин маалымат кызматы кабарлады.

«АГРО КУШ» ЖЧКсы өз процессинин шайкештигин тастыктап, КРнын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору тарабынан Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы менен биргеликте берилген «Адал» мамлекеттик сертификатын алды.

Компаниянын негиздөөчүсү – «Адал Азык» ЖЧКсы болуп саналат (Тойбосс соода маркасы).

«АГРО КУШ» ЖЧК Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда жайгашкан, 1980-жылдары пайдаланууга берилген эски канаттуулар фабрикасынын базасында өндүрүш процессин түзгөн. Эски канаттуулар фабрикасын сатып алган учурда, фабрика баштапкы долбоордук кубаттуулугунун болжол менен 20% деңгээлинде иштеп келген.

Өндүрүш кубаттуулугун жогорулатуу максатында «АГРО КУШ» ЖЧКсы инкубациялоо, багуу, союу жана канаттуулар өндүрүшүнүн калдыктарын кайра иштетүү үчүн Европа, Түркия жана Россиядан жаңы жабдууларды сатып алган.

Өндүрүштүк кубаттуулугу:

  • Жумурткаларды инкубациялоо жана жылына 9.5 млн жакын бройлер балапанын чыгаруу
  • 22 канаттуулар короосунда бройлерлерди багуу жылына 3.5 млн. баш
  • Ар кандай курактагы канаттуулар үчүн кошмо тоют өндүрүү, кубаттуулугу саатына 10 тонна
  • Кубаттуулугу саатына 3000 баш канаттуулар этин союу жана кайра иштетүү
  • Эт-сөөк унун алуу үчүн союлгандан кийинки калдыктарын кайра иштетүү бир сменада 20 тоннаны түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарында тыюу салынган никотини бар электрондук тамекилерди саткан соода жайы аныкталды. Соода түйүнү борбор калаанын 7-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн жер төлө бөлмөсүндө жайгашкан. Маалыматка ылайык, бул соода ишин жаран Э.Д.Ж. жетектеп келген. Өнүмдөр алдын ала уюштурулган жеткирүү схемасы аркылуу курьердик

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

Бишкекте "Бир айыл — бир продукт" долбоорунун 2025-жылдагы жыйынтыгын чыгарган улуттук бренддер сынагы өттү. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында өлкөнүн бардык аймактарынан келген 57 аталыштагы продукция көрсөтүлдү. Сынактын жеңүүчүлөрү: * 1-орун (алтын медаль): "Дан куурай концентраты" (Нургүл Исакова, Баткен облусу); * 2-орун (күмүш медаль): "Мисте печенеси&

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

2026-жылдын январь айында Кыргызстанда кайра иштетүүчү өндүрүш тармагындагы продукциянын көлөмү 51 млрд 198,6 млн сомду түзгөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу тармак боюнча физикалык көлөмдүн индекси 112,0%ды түзүп, өндүрүш көлөмүнүн өскөнүн көрсөттү. Кайра иштетүү өнөр жайынын түзүмүндө эң чоң үлүш негизги металлдарга жана даяр

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча "Muhamet Malo – 2026" эл аралык рейтингдик турниринде 76 кг чейинки салмак ченинде мелдештин жеңүүчүсү болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал турнирдин алгачкы баскычтарынан баштап эле атаандаштарына мүмкүнчүлүк берген жок: * 1/8 финал: Гулмарал