КР Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 млн дозасын сатып алууну көздөөдө

КР Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 млн дозасын сатып алууну көздөөдө

Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров КР Кытайдын Sinopharm вакцинасынын 1 млн 250 миң дозасын сатып алууну пландап жатканын билдирди. Анын берген маалыматына таянсак, резервден бул үчүн 499 млн сом бөлүнгөн.

Анын айтымында, буга чейин Кыргызстан 815 млн сомго 1.1 млн дозаны сатып алган. Алынуучу вакцинанын баасы тууралуу депутаттардын берген суроосуна, Жапаров Кытай КРга өзгөчө баа менен берип жатканын жана анын наркын айта албастыгын билдирди. 

Эгерде жалпы сумманы, тагыраак айтканда, 766 млн сомду дозалардын санына бөлсө, анда бир дозанын баасы болжол менен 7.3 долларга айланат.

Жапаровдун айтымында, Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Вакцина коронавируска каршы күрөшкө берилүүчү 17 млн долларга алынат.

«Мындан тышкары, октябрь айында АӨБдөн 20 млн доллар түшөөрү күтүлүүдө. Каражаттын жарымы грант, жарым бөлүгү насыя түрүндө келет. Биз 37 млн долларга вакцина сатып алып, калкка эмдөө жүргүзүүнү көздөп жатабыз», – деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарында тыюу салынган никотини бар электрондук тамекилерди саткан соода жайы аныкталды. Соода түйүнү борбор калаанын 7-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн жер төлө бөлмөсүндө жайгашкан. Маалыматка ылайык, бул соода ишин жаран Э.Д.Ж. жетектеп келген. Өнүмдөр алдын ала уюштурулган жеткирүү схемасы аркылуу курьердик

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

Бишкекте "Бир айыл — бир продукт" долбоорунун 2025-жылдагы жыйынтыгын чыгарган улуттук бренддер сынагы өттү. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында өлкөнүн бардык аймактарынан келген 57 аталыштагы продукция көрсөтүлдү. Сынактын жеңүүчүлөрү: * 1-орун (алтын медаль): "Дан куурай концентраты" (Нургүл Исакова, Баткен облусу); * 2-орун (күмүш медаль): "Мисте печенеси&

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

2026-жылдын январь айында Кыргызстанда кайра иштетүүчү өндүрүш тармагындагы продукциянын көлөмү 51 млрд 198,6 млн сомду түзгөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу тармак боюнча физикалык көлөмдүн индекси 112,0%ды түзүп, өндүрүш көлөмүнүн өскөнүн көрсөттү. Кайра иштетүү өнөр жайынын түзүмүндө эң чоң үлүш негизги металлдарга жана даяр

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча "Muhamet Malo – 2026" эл аралык рейтингдик турниринде 76 кг чейинки салмак ченинде мелдештин жеңүүчүсү болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал турнирдин алгачкы баскычтарынан баштап эле атаандаштарына мүмкүнчүлүк берген жок: * 1/8 финал: Гулмарал