Облустарга жаңы ыйгарым укуктуу өкүлдөр дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, облустарда жаңы ыйгарым укуктуу өкүлдөр дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлайт.
Жарлыктарга ылайык:
- Алимбаев Абдикарим Карбекович президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды
- Ашимбаев Сабыркул Абасович президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды
- Жамалдинов Зиядин Исламович президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды
- Кожоев Мирбек Кокулбаевич президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды
- Нарбеков Бакытбек Наркулович пезиденттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды
- Сыргабаев Абсаттар Токтогулович президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;
- Тентишев Эркин Саткынбаевич президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.