ОКӨФ бизнести түз каржылоо жумушун жандандыргандан кийин алгачкы эки насыясын берди

ОКӨФ бизнести түз каржылоо жумушун жандандыргандан кийин алгачкы эки насыясын берди

Орус-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду (ОКӨФ) түз каржылоо ишин калыбына келтиргенден кийин алгачкы эки насыясын берди. Эскерте кетсек, 2020-жылдын октябрь айында КРдагы саясий окуяларга байланыштуу Россия тараптын демилгеси менен каржылоо иштери токтотулган болчу.

Акыркы 9 айда буга чейин жактырылган гана долбоорлор каржыланган. ОКӨФ ишин жандандыргандан бери биринчи насыяларды «Ак-Бата» жана «Семейные Традиции» компаниялары алышты.

Бөтөлкөдөгү сууларды жеткирүүчү «Ак-Бата» компаниясы тейлөө борборун куруу, кампаларды кеңейтүү жана диспенсерлерди сатып алуу үчүн 1.8 млн доллар алат. Сүт азыктарын өндүрүүчү «Семейные Традиции» компаниясына даяр продукциясын Россияга, Казакстанга жана андан ары экспорттоого өндүрүштү кеңейтүү үчүн насыя берилди. Бирок берилген насыянын көлөмү тууралуу маалымат жок.

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарында тыюу салынган никотини бар электрондук тамекилерди саткан соода жайы аныкталды. Соода түйүнү борбор калаанын 7-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн жер төлө бөлмөсүндө жайгашкан. Маалыматка ылайык, бул соода ишин жаран Э.Д.Ж. жетектеп келген. Өнүмдөр алдын ала уюштурулган жеткирүү схемасы аркылуу курьердик

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

Бишкекте "Бир айыл — бир продукт" долбоорунун 2025-жылдагы жыйынтыгын чыгарган улуттук бренддер сынагы өттү. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында өлкөнүн бардык аймактарынан келген 57 аталыштагы продукция көрсөтүлдү. Сынактын жеңүүчүлөрү: * 1-орун (алтын медаль): "Дан куурай концентраты" (Нургүл Исакова, Баткен облусу); * 2-орун (күмүш медаль): "Мисте печенеси&

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

2026-жылдын январь айында Кыргызстанда кайра иштетүүчү өндүрүш тармагындагы продукциянын көлөмү 51 млрд 198,6 млн сомду түзгөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу тармак боюнча физикалык көлөмдүн индекси 112,0%ды түзүп, өндүрүш көлөмүнүн өскөнүн көрсөттү. Кайра иштетүү өнөр жайынын түзүмүндө эң чоң үлүш негизги металлдарга жана даяр

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча "Muhamet Malo – 2026" эл аралык рейтингдик турниринде 76 кг чейинки салмак ченинде мелдештин жеңүүчүсү болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал турнирдин алгачкы баскычтарынан баштап эле атаандаштарына мүмкүнчүлүк берген жок: * 1/8 финал: Гулмарал