Бишкек жана Ош шаарларынын бизнестери бирдиктүү электрондук базага киргизилет

Бишкек жана Ош шаарларынын бизнестери бирдиктүү электрондук базага киргизилет

Кожомкул атындагы Спорт сарайында Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында ишкердик иш жүргүзгөн объекттердин жана субъекттердин жайгашуусунун бирдиктүү электрондук базасын иштеп чыгуу боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы кабарлады.

Жыйындын жүрүшүндө Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында ишкердик иш жүргүзгөн объекттердин жана субъекттердин жайгашуусунун бирдиктүү электрондук базасы тааныштырылып, экономикалык ишмердиктин объектилеринин жана субъекттердин жайгашкан жерин картадан көрсөтүп туруучу «Дислокация» программалык модулунун иштөөсү көрсөтүлдү.

Жапаров Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында ишкердик иш жүргүзгөн объектилердин жана субъекттердин жайгашуусунун бирдиктүү электрондук базасын түзүү салыктык башкарууда оң таасирин тийгизип, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө жана көмүскө экономиканын деңгээлин кыскартууга мүмкүндүк берээрин белгиледи.

Салык кызматынын төрагасы Илияз Иманбетов дислокацияны колдонуунун дагы өзгөчөлүгү  аналитикалык иштерди жакшыртып, ишкердик обьектилер жана субъекттер боюнча маалыматтарды ыкчам киргизүүгө мүмкүндүк берээрин билдирди.

Дислокациянын бирдиктүү электрондук базасын иштеп чыгуу салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарында тыюу салынган никотини бар электрондук тамекилерди саткан соода жайы аныкталды. Соода түйүнү борбор калаанын 7-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн жер төлө бөлмөсүндө жайгашкан. Маалыматка ылайык, бул соода ишин жаран Э.Д.Ж. жетектеп келген. Өнүмдөр алдын ала уюштурулган жеткирүү схемасы аркылуу курьердик

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

Бишкекте "Бир айыл — бир продукт" долбоорунун 2025-жылдагы жыйынтыгын чыгарган улуттук бренддер сынагы өттү. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында өлкөнүн бардык аймактарынан келген 57 аталыштагы продукция көрсөтүлдү. Сынактын жеңүүчүлөрү: * 1-орун (алтын медаль): "Дан куурай концентраты" (Нургүл Исакова, Баткен облусу); * 2-орун (күмүш медаль): "Мисте печенеси&

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

2026-жылдын январь айында Кыргызстанда кайра иштетүүчү өндүрүш тармагындагы продукциянын көлөмү 51 млрд 198,6 млн сомду түзгөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу тармак боюнча физикалык көлөмдүн индекси 112,0%ды түзүп, өндүрүш көлөмүнүн өскөнүн көрсөттү. Кайра иштетүү өнөр жайынын түзүмүндө эң чоң үлүш негизги металлдарга жана даяр

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча "Muhamet Malo – 2026" эл аралык рейтингдик турниринде 76 кг чейинки салмак ченинде мелдештин жеңүүчүсү болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал турнирдин алгачкы баскычтарынан баштап эле атаандаштарына мүмкүнчүлүк берген жок: * 1/8 финал: Гулмарал