Сеулдагы эл аралык көргөзмөгө кыргыз продукциялары коюлду

Сеулдагы эл аралык көргөзмөгө кыргыз продукциялары коюлду

Сеулда өткөн импорттук товарлардын эл аралык көргөзмөсүндө кыргыз продукциялары да коюлду. Экономика министрлиги Кыргызстандын Кореядагы элчилиги жана ата мекендик компаниялар менен биргеликте жарманкеге кыргыз продукциясын жеткирүүнү камсыз кылды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Көргөзмө Кореянын тийиштүү мамлекеттик органдарынын колдоосу менен Корея Импортерлор Ассоциациясы тарабынан уюштурулуп, 22-июлда башталып, 24-июлда аяктайт.

Бул көргөзмөнүн негизги багыты Кореядагы чет мамлекеттердин товарларын жана продукцияларын: айыл чарба продукцияларын, мөмө-жемиштер жана суусундуктар, балдар буюмдары, ашкана идиштери, үй буюмдары, зер буюмдары жана аксессуарлар, косметика, туристтик кызматтар жана башкаларды жергиликтүү калкка тааныштыруу.

Көргөзмөгө «Дары Тянь Шаня», Aman Greenfood, Bee Honey, «Семейный Плюс», «Насыйкат Исмаилова», «Кыргыз шоколады», «Арония Фарм» ЖЧКнын продукциялары коюлган.

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарында тыюу салынган никотини бар электрондук тамекилерди саткан соода жайы аныкталды. Соода түйүнү борбор калаанын 7-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн жер төлө бөлмөсүндө жайгашкан. Маалыматка ылайык, бул соода ишин жаран Э.Д.Ж. жетектеп келген. Өнүмдөр алдын ала уюштурулган жеткирүү схемасы аркылуу курьердик

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

Бишкекте "Бир айыл — бир продукт" долбоорунун 2025-жылдагы жыйынтыгын чыгарган улуттук бренддер сынагы өттү. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында өлкөнүн бардык аймактарынан келген 57 аталыштагы продукция көрсөтүлдү. Сынактын жеңүүчүлөрү: * 1-орун (алтын медаль): "Дан куурай концентраты" (Нургүл Исакова, Баткен облусу); * 2-орун (күмүш медаль): "Мисте печенеси&

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

2026-жылдын январь айында Кыргызстанда кайра иштетүүчү өндүрүш тармагындагы продукциянын көлөмү 51 млрд 198,6 млн сомду түзгөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу тармак боюнча физикалык көлөмдүн индекси 112,0%ды түзүп, өндүрүш көлөмүнүн өскөнүн көрсөттү. Кайра иштетүү өнөр жайынын түзүмүндө эң чоң үлүш негизги металлдарга жана даяр

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча "Muhamet Malo – 2026" эл аралык рейтингдик турниринде 76 кг чейинки салмак ченинде мелдештин жеңүүчүсү болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал турнирдин алгачкы баскычтарынан баштап эле атаандаштарына мүмкүнчүлүк берген жок: * 1/8 финал: Гулмарал