Өзгөчө статус – министрлер кабинети Баткен облусу боюнча мамлекеттик сатып алууларды эки эсеге көбөйтөт

Өзгөчө статус – министрлер кабинети Баткен облусу боюнча мамлекеттик сатып алууларды эки эсеге көбөйтөт

Экономика министрлиги тарабынан Баткен облусунун мамлекеттик жана муниципалдык мекемелери үчүн мамлекеттик сатып алуулардын көлөмүн эки эсеге көбөйтүү долбоору демилгеленди. Документ коомдук талкууга коюлуп, өкмөттүн сайтында жарыяланды.

Долбоор Баткен облусунун мамлекеттик (муниципалдык) мекемелери үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга багытталган төмөнкү өлчөмдөрү сунуштайт:

  • минималдуу босоголук сумма – 2 000 000 сом
  • максималдуу босоголук сумма – 6 000 000 сом

Босоголук сумманын жогорулашы менен, сатып алуу ыкмасын аныктоодо Баткен облусу үчүн төмөнкү артыкчылыктар күтүлүүдө:

  1. жөнөкөйлөтүлгөн ыкма – атайын өндүрүштү, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү талап кылбаган даяр товарларды сатып алууда, максималдуу босогодон ашпаган суммага чейин 6.0 млн сомго чейин, калганы үчүн – 3.0 млн сомго чейин
  2. 3-пункт, чыгымдардын ар бир беренеси боюнча финансылык жылга чыгым беренесинде салынган суммага карабастан, жыл ичинде 2.0 млн сомго чейин товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну караган (башка сатып алуучу уюмдар үчүн 1.0 млн)
  3. 17-пункт, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жыл ичинде мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында кулактандырууларды жарыялабай туруп, чыгымдардын ар бир беренеси боюнча минималдык босогонун 3%на чейин (60.0 миң сом) сатып алуу (калган бөлүгү, болжол менен 30.0 миң сом)
  4. 18-пункт, илимий корутундуну изилдөөлөрдү, эксперимент  жүргүзүүнү же даярдоону максималдуу босого суммасынан ашпаган суммага, б.а. 6.0 млн сомго жүргүзүү

Мындан тышкары, Баткен облусу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда эки пакеттүү ыкманы колдонууга укуктуу экендигин белгилей кетүү зарыл, мында сатып алуу предметинин пландаштырылган суммасы эң жогорку чектен эки эсеге, башкача айтканда, 12.0 млн сомдон ашпайт.

 

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарында тыюу салынган никотини бар электрондук тамекилерди саткан соода жайы аныкталды. Соода түйүнү борбор калаанын 7-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн жер төлө бөлмөсүндө жайгашкан. Маалыматка ылайык, бул соода ишин жаран Э.Д.Ж. жетектеп келген. Өнүмдөр алдын ала уюштурулган жеткирүү схемасы аркылуу курьердик

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

Бишкекте "Бир айыл — бир продукт" долбоорунун 2025-жылдагы жыйынтыгын чыгарган улуттук бренддер сынагы өттү. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында өлкөнүн бардык аймактарынан келген 57 аталыштагы продукция көрсөтүлдү. Сынактын жеңүүчүлөрү: * 1-орун (алтын медаль): "Дан куурай концентраты" (Нургүл Исакова, Баткен облусу); * 2-орун (күмүш медаль): "Мисте печенеси&

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

2026-жылдын январь айында Кыргызстанда кайра иштетүүчү өндүрүш тармагындагы продукциянын көлөмү 51 млрд 198,6 млн сомду түзгөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу тармак боюнча физикалык көлөмдүн индекси 112,0%ды түзүп, өндүрүш көлөмүнүн өскөнүн көрсөттү. Кайра иштетүү өнөр жайынын түзүмүндө эң чоң үлүш негизги металлдарга жана даяр

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча "Muhamet Malo – 2026" эл аралык рейтингдик турниринде 76 кг чейинки салмак ченинде мелдештин жеңүүчүсү болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал турнирдин алгачкы баскычтарынан баштап эле атаандаштарына мүмкүнчүлүк берген жок: * 1/8 финал: Гулмарал