Жергиликтүү кеңештерде аялдардын көрсөтүлүшү 10дон 39%га жогорулады

Жергиликтүү кеңештерде аялдардын көрсөтүлүшү 10дон 39%га жогорулады

Жергиликтүү кеңештерде аялдардын көрсөтүлүшү 10дон 38.7%га жогорулады. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова КРгы БУУ тутумунун туруктуу координатору Озонниа Ожиело жана Европа биримдигинин элчиси Эдуард Аэур менен биргеликте «Теңдик нуру» демилгеси боюнча Өлкөлүк программанын улуттук жетекчилик комитетинин биринчи кеңешмесинде билдирди.

«Теңдик нуру» өлкөлүк программасынын өзгөчөлүгү – аны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу процессине бир эле учурда Министрлер Кабинети, кызыкдар мамлекеттик органдар, жарандык коом уюмдары, БУУ тутумунун, Европа биримдигинин агенттиктери жана башка эл аралык өнөктөштөр тартылгандыгында турат. Алсак, жергиликтүү кеңештерде аялдардын көрсөтүлүшү 10дон 38.7%га жогорулатылышы сиздер менен биргеликте жасаган күч-аракеттердин негизинде мүмкүн болду», – деп белгиледи ал. 

Ошондой эле ал программанын өнөктөштөрүн өлкөнүн лидер аялдарынын каалоосун эске алууга чакырып, өлкөлүк программанын долбоорун кеңейтүүнү жана мүмкүн болушунча бүтүндөй республиканы, айрыкча Баткен облусунун район-шаарларын камтууну сунуш кылды.

БУУ тутумунун координатору Озонниа Ожиело ийгиликтүү жана жемиштүү өнөктөштүктө Министрлер Кабинетин колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Белгилесек, «Теңдик нуру» демилгеси дүйнөнүн 25 өлкөсүндө, анын ичинде КРда ишке ашырылып жатат. 2020-жылы Өлкөлүк программанын улуттук жетекчилик комитети түзүлүп, 12 пилоттук жамааттарда иш жүргүзүүдө деп билдирет өкмөттүн маалымат кызматы.

Комитеттин теңтөрагалык милдетин Жылдыз Бакашова жана КРдагы БУУнун туруктуу координатору Озонниа Ожиело аткарат.

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарында тыюу салынган никотини бар электрондук тамекилерди саткан соода жайы аныкталды. Соода түйүнү борбор калаанын 7-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн жер төлө бөлмөсүндө жайгашкан. Маалыматка ылайык, бул соода ишин жаран Э.Д.Ж. жетектеп келген. Өнүмдөр алдын ала уюштурулган жеткирүү схемасы аркылуу курьердик

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

Бишкекте "Бир айыл — бир продукт" долбоорунун 2025-жылдагы жыйынтыгын чыгарган улуттук бренддер сынагы өттү. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында өлкөнүн бардык аймактарынан келген 57 аталыштагы продукция көрсөтүлдү. Сынактын жеңүүчүлөрү: * 1-орун (алтын медаль): "Дан куурай концентраты" (Нургүл Исакова, Баткен облусу); * 2-орун (күмүш медаль): "Мисте печенеси&

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

2026-жылдын январь айында Кыргызстанда кайра иштетүүчү өндүрүш тармагындагы продукциянын көлөмү 51 млрд 198,6 млн сомду түзгөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу тармак боюнча физикалык көлөмдүн индекси 112,0%ды түзүп, өндүрүш көлөмүнүн өскөнүн көрсөттү. Кайра иштетүү өнөр жайынын түзүмүндө эң чоң үлүш негизги металлдарга жана даяр

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча "Muhamet Malo – 2026" эл аралык рейтингдик турниринде 76 кг чейинки салмак ченинде мелдештин жеңүүчүсү болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал турнирдин алгачкы баскычтарынан баштап эле атаандаштарына мүмкүнчүлүк берген жок: * 1/8 финал: Гулмарал