Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин саммити Түркмөнстанда өтөт
Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуусу 6-августта Түркмөнстанда өтөт. Бул тууралуу Өзбекстан менен Түркмөнстандын президенттеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө белгилүү болду.
Президенттер Борбор Азия аймагынын мамлекет башчыларынын «Аваза» улуттук туристтик аймагында өтүүчү жолугушууга даярдык көрүү маселесин талкуулашты.
Мирзиеев менен Бердимухамедов алдыдагы иш-чаранын күн тартиби жана программасы боюнча пикир алышты.
Белгилей кетсек, Консультативдик жолугушуу былтыр Бишкекте өтмөк, бирок пандемияга байланыштуу иш-чара кийинкиге калтырылган.