КРда дээрлик 20 миң ишкердик субъект маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар ККМди колдонот

КРда дээрлик 20 миң ишкердик субъект маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар ККМди колдонот

Бүгүнкү күндө КРнын аймагында 19 923 ишкердик субъект маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонушат. Бул тууралу МСКнын маалымат кызматы кабарлады.

Анын ичинде «ККМ онлайн» автоматташтырылган маалыматтык системасында 18 117 ККМ онлайн, фискалдык маалыматтардын операторлору аркылуу 1 806 ККМ катталган.

Ошол эле учурда онлайн функциясы жок 1 850 ККМ издөө жана каттоодон чыгаруу стадиясында турат.

КРнын аймагында 2021-жылдын 1-июлунан тартып ККМди колдонуу жаңы стандарттар боюнча жүргүзүлүп жаткандыгын Салык кызматы эскертет. Көрсөтүлгөн датадан тартып реалдуу убакыт режиминде фискалдык маалыматтарды берүү функциясы жок жана салык органдарында катталган ККМдин эски үлгүлөрүн колдонууга болбойт.

Жаңы стандарттарга жооп берген ККМди ишмердиктин белгилүү бир түрүн ишке ашырган субъекттер, ККМди колдонуудан бошотулгандардын тизмесине киргизилген субъекттер, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында патенттин негизинде ишмердиктин белгилүү бир түрлөрүн ишке ашыруучу субъекттер колдонушат.

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарында тыюу салынган никотини бар электрондук тамекилерди саткан соода жайы аныкталды. Соода түйүнү борбор калаанын 7-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн жер төлө бөлмөсүндө жайгашкан. Маалыматка ылайык, бул соода ишин жаран Э.Д.Ж. жетектеп келген. Өнүмдөр алдын ала уюштурулган жеткирүү схемасы аркылуу курьердик

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

Бишкекте "Бир айыл — бир продукт" долбоорунун 2025-жылдагы жыйынтыгын чыгарган улуттук бренддер сынагы өттү. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында өлкөнүн бардык аймактарынан келген 57 аталыштагы продукция көрсөтүлдү. Сынактын жеңүүчүлөрү: * 1-орун (алтын медаль): "Дан куурай концентраты" (Нургүл Исакова, Баткен облусу); * 2-орун (күмүш медаль): "Мисте печенеси&

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

2026-жылдын январь айында Кыргызстанда кайра иштетүүчү өндүрүш тармагындагы продукциянын көлөмү 51 млрд 198,6 млн сомду түзгөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу тармак боюнча физикалык көлөмдүн индекси 112,0%ды түзүп, өндүрүш көлөмүнүн өскөнүн көрсөттү. Кайра иштетүү өнөр жайынын түзүмүндө эң чоң үлүш негизги металлдарга жана даяр

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча "Muhamet Malo – 2026" эл аралык рейтингдик турниринде 76 кг чейинки салмак ченинде мелдештин жеңүүчүсү болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал турнирдин алгачкы баскычтарынан баштап эле атаандаштарына мүмкүнчүлүк берген жок: * 1/8 финал: Гулмарал