Улуттук банк борбордогу акча алмаштыруу бюросунун биринин лицензиясын жокко чыгарды
Улуттук банк баш калаадагы акча алмаштыруу бюролорунун биринин лицензиясын алып салды. Бул тууралуу регулятордун сайтында айтылат.
КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн аталган банк «Алмаз Мани» ЖЧКсынын акча алмаштыруу бюросунун (Бишкек шаары, Бейшеналиев көчөсү, 36) лицензиясын жокко чыгарды.