Бишкектеги кайсы тамактануу жайларына, дүкөндөргө айып пул салынды? – Тизме, Covid-19

Бишкектеги кайсы тамактануу жайларына, дүкөндөргө айып пул салынды? – Тизме, Covid-19

Борбор калаадагы эпидемиологиялык оор кырдаалга байланыштуу белгиленген убакыт талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө максатында рейддер жүрүүдө. Натыйжада, Бишкектеги бир катар ишканаларга айып пулдар салынды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Масканын жоктугу, килемдердин дезинфекцияланбагандыгы, антисептиктер, социалдык аралыкты сактабагандыгы жана кызматкерлердин саламаттыгын сактоо китебинин жоктугу үчүн айрым мекемелерге айып пул салынган.

«Тамшан», «Ашлянфу», «Ин Лаваш», «Поварёшка», «Изюм», «Евразия», «Печки-Лавочки», «Ходжа Насреддин», «Микаса», «Халил», «Beef burgers», «Inlavash», «Нишан». «Адиш-Ата», «Шайын Апа», «Бухара Ассорти», «Буржуй», «Covallo cofee» («Бишкек Парк» СБ), «Deli Team» («Бишкек Парк» СБ) коомдук тамактануу жайларына айып пул салуу коркунучу турат.

«Народный», «Глобус», «Шекер» гипермаркеттерине, «Фанат», «Глобал» компьютердик клубдарына, «Арена», «Li-Ning», «Плюс» дүкөндөрүнө, «Euforia» («Бишкек Парк» СБ), «Ф7» («Детский Мир» СБ), «Бай Тушум» банкы да эреже бузгандардын катарына киришти.

Алардын ичинде «Партнёр Кей Джи», «Ринго Трейд», «Медсервис KG», «Фармстор», «Бимар», «Детский Мир Кей Джи», «Берен Голд» соода борбору да бар.

Бардык мыйзам бузуучулар КРнын «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 293-беренеси боюнча айып пул төлөшөт, жеке адамдарга 3 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сом.

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарында тыюу салынган никотини бар электрондук тамекилерди саткан соода жайы аныкталды. Соода түйүнү борбор калаанын 7-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн жер төлө бөлмөсүндө жайгашкан. Маалыматка ылайык, бул соода ишин жаран Э.Д.Ж. жетектеп келген. Өнүмдөр алдын ала уюштурулган жеткирүү схемасы аркылуу курьердик

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

Бишкекте "Бир айыл — бир продукт" долбоорунун 2025-жылдагы жыйынтыгын чыгарган улуттук бренддер сынагы өттү. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында өлкөнүн бардык аймактарынан келген 57 аталыштагы продукция көрсөтүлдү. Сынактын жеңүүчүлөрү: * 1-орун (алтын медаль): "Дан куурай концентраты" (Нургүл Исакова, Баткен облусу); * 2-орун (күмүш медаль): "Мисте печенеси&

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

2026-жылдын январь айында Кыргызстанда кайра иштетүүчү өндүрүш тармагындагы продукциянын көлөмү 51 млрд 198,6 млн сомду түзгөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу тармак боюнча физикалык көлөмдүн индекси 112,0%ды түзүп, өндүрүш көлөмүнүн өскөнүн көрсөттү. Кайра иштетүү өнөр жайынын түзүмүндө эң чоң үлүш негизги металлдарга жана даяр

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча "Muhamet Malo – 2026" эл аралык рейтингдик турниринде 76 кг чейинки салмак ченинде мелдештин жеңүүчүсү болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал турнирдин алгачкы баскычтарынан баштап эле атаандаштарына мүмкүнчүлүк берген жок: * 1/8 финал: Гулмарал