Кайрадан «Кумтөр» иши – Төрөбай Зулпукаров камакта сентябрга чейин болот
Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров убактылуу кармоочу жайда калтырылды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту кабыл алды.
Эл өкүлү УКМКнын СИЗОсунда 30-сентябрга чейин болот.
Эскерте кетсек, «Кумтөр» маселеси боюнча учурдагы жана мурдагы чиновниктердин бир канчасы камалган болчу. Парламенттин депутаттары, экс-премьер-министрлер, ошондой эле учурдагы атка минерлер кезек менен суракка чакырылып, натыйжада, айрымдары камакка алынган. Ал эми мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин «Кумтөрдөгү» коррупция ишине байланыштуу баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, ал эч жакка кетпөө шарты менен эркиндикке чыгарылган эле.