Нурадил Баясов Инвестициялар министринин орун басары болуп дайындалды
32 жаштагы Нурадил Баясов Кыргызстандын инвестиция министринин орун басары болуп дайындалды.
Буга чейин ал министрлер кабинетинин инвестициялар, ишкердик жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк секторунун башчысы болуп эмгектенген. Ал ошондой эле Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директорунун орун басары жана агенттиктин директорунун убактылуу милдетин аткаруучу болуп иштеп келген.