Келе жаткан 2-3 жыл кургакчыл болоору күтүлүүдө – энергетика тармагындагы кризис болушу мүмкүн

Келе жаткан 2-3 жыл кургакчыл болоору күтүлүүдө – энергетика тармагындагы кризис болушу мүмкүн

Акыркы 2 жыл кургакчыл жылдардан болду жана келе жаткан 2-3 жыл да кургакчыл болоору күтүлүүдө. Андыктан, жакынкы жылдарда өлкөдө электр энергиясында тартыштык жаралмакчы. Бул тууралуу КРнын энергосектору тууралуу коомчулукту маалымат менен камсыз кылуу программасында айтылат.

Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин ичинен гидроэнергетика потенциалы боюнча 3-орунда турат. Бүгүнкү күнгө өлкөдөгү гидроэнергетиканын жалпы 10% гана өздөштүрүлгөн. Нарын дарыясында эле 34 ГЭСтен турган дагы 8 каскадды курууга болот. Бул ГЭСтердин жалпы кубаты 6450 МВтты түзөт деп айтылат программада.

Анда берилген маалыматка ылайык, Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиянын көпчүлүк бөлүгү гидроэлектрстанциялардан чыгат. Демек, өндүрүлгөн энергия толугу менен «жашыл» энергия болуп эсептелет. Бирок, мамлекеттин ГЭСтерден чыгарылган энергиядан гана көз каранды болушу, тескерисинче, кургакчыл жылдары көйгөйлүү маселеге айланат. Мисалга, акыркы 2 жыл кургакчыл жылдардан болду жана келе жаткан 2-3 жыл да кургакчыл болоору күтүлүүдө. Андыктан, жакынкы жылдарда өлкөдө электр энергиясында тартыштык жаралмакчы.

Эскерте кетсек, республикада электр энергиянын тартыштыгынан Кыргызстан коңшу өлкөлөрдөн карыз алууга аргасыз болууда. Келишимдерге ылайык, Казакстан 900 млн кВт/саат, Өзбекстан 750 млн кВт/саат электр энергиясын берет.

Энергетика министрлиги болсо учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 11 млрд кубометрден ашканын билдирген болчу. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир кыйла төмөн.

Ошол эле учурда суунун деңгээли жаз мезгилине салыштырмалуу жогорулаган. Министрликтин алдын-ала божомолуна ылайык, 1-октябрга карата бул көрсөткүч 13.2 млрд кубометрге чейин көтөрүлөт. Белгилей кетүүчү нерсе, Энергетика министрлигинин божомолу ишке ашса деле, суу сактагычтагы суунун көлөмү 2020-жылдын октябрь айына салыштырмалуу 2 млрд кубометрге аз болот.

Эмне үчүн энергетикада тартыштык жаралууда?

Бул көйгөйгө бир нече факторлор таасир этти. Акыркы жылдардагы кургакчылык, электр энергиясын керектөөнүн өсүүсү жана электр жабдууларынын эскилигинин жеткендиги энергетика секторунда тартыштыкка себеп болду деп айтылат КРнын энергосектору тууралуу коомчулукту маалымат менен камсыз кылуу программасында.

Коомчулуктун пикирин, азыркы убактагы экономикалык жагдайды, жана ошондой эле пандемияны эске алуу менен, калкка болгон тариф өзгөрүүсүз калган жана тоолуу аймактардын жашоочулары үчүн 1000 кВт/сааттык чектөө алынып салынган. Бирок, башка керектөөчүлөр үчүн өзгөрүүлөр киргизилгенин жогоруда аталган программада айтылат.

Мындан тышкары окуңуз

Россияда Кыргызстандан келген жашылчалар  артка кайтарылды

Россияда Кыргызстандан келген жашылчалар артка кайтарылды

14-декабрда фитосанитардык көзөмөл пункту "Черлакский" (МАПП "Ольховка") аймагында Россия ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Омск облусу боюнча инспекторлору Омск бажысынын мобилдик тобу менен биргеликте Кыргызстандан келе жаткан жашылчалар жүктөлгөн жүк ташуучу унааны токтотушкан. Маалыматка ылайык, Россия Федерациясына киргизүү үчүн фитосанитардык тобокелдиги жогору болгон 21 тонна продукция

Ажылыкка баруучулар 19-декабрга чейин ажылык төломүн төлөшү зарыл

Ажылыкка баруучулар 19-декабрга чейин ажылык төломүн төлөшү зарыл

2026-жылга карата ажылыкка баруу үчүн электрондук базага киргизилип, кезек тартиби менен зыярат кылууга мүмкүнчүлүк алган жарандар 2025-жылдын 19-декабрына чейин  калган сумманы төлөп берүүгө тийиш экенин Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) маалымдады. Такталган маалыматка ылайык, аймактарда катталган ар бир талапкер 2025-жылдын 15–19-декабрында "Элдик Банк" (РСК) иш күнүнүн аягына

Кыргызстан товарлары эми Европа, Түркия, Кара деңиз аймагына чыгат

Кыргызстан товарлары эми Европа, Түркия, Кара деңиз аймагына чыгат

Кыргызстан Европа – Кавказ – Азия транспорт коридорунун (ТРАСЕКА) көп тараптуу уруксаттар системасына кошуларын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди. ТРАСЕКА уруксаты ташуучуга системага кирген бардык мамлекеттердин аймагы аркылуу эркин каттоого укук берип, өзүнчө эки тараптуу макулдашуулардан бошотот.  ТРАСЕКА уруксаты бир жолку колдонууга арналган жана бир айлампа сапардын алкагында жүк менен же жүксүз

Буга чейин эскертүү алган “Дөөлөт курулуштун” өкүлдөрү курулуш министри менен жолугушту

Буга чейин эскертүү алган “Дөөлөт курулуштун” өкүлдөрү курулуш министри менен жолугушту

Бүгүн, КРнын Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Дөөлөт курулуш” компаниясынын жетекчиси жана компанияга нааразычылык билдирип жаткан үлүш ээлери менен жолугушту. Анын жүрүшүндө, министр “Кудайберген” жана “Шопоков” турак-жай комплекстери боюнча курулуш компаниянын жетекчисине бир катар суроолор менен кайрылып, курулуш иштеринин жүрүшүн тактады. Ошондой эле үлүш ээлеринин пикирлерин