Кылмыштуулук былтыркыдан 1.5 эсеге, тоноо – 24.5%га өстү

Кылмыштуулук былтыркыдан 1.5 эсеге, тоноо – 24.5%га өстү

Башкы прокуратуранын маалыматтары боюнча 2021-жылдын январь-июнда республиканын аймагында 23.5 миң кылмыш катталган, алардын саны 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 1.5 эсеге көп. Мындай маалыматты Улутстатком берди.

Кылмыштардын басымдуу бөлүгү (алардын жалпы санынын 61%дан ашык) Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жасалган.

Кылмыштардын жалпы санында 2 миңден ашыгы же 11.6% оор жана өзгөчө оор кылмыштарга туура келген. Бул кылмыштардын негизги бөлүгүн жеке менчикке каршы кылмыштар түзгөн.

Бул өткөн жылга салыштырмалуу жалпы республика боюнча алардын саны 1.6 эсеге, анын ичинде алдамчылык – 2.1 эсеге, уурдоо – 1.5 эсеге, тоноо – 24.5%га өстү.

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарында тыюу салынган никотини бар электрондук тамекилерди саткан соода жайы аныкталды. Соода түйүнү борбор калаанын 7-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн жер төлө бөлмөсүндө жайгашкан. Маалыматка ылайык, бул соода ишин жаран Э.Д.Ж. жетектеп келген. Өнүмдөр алдын ала уюштурулган жеткирүү схемасы аркылуу курьердик

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

Бишкекте "Бир айыл — бир продукт" долбоорунун 2025-жылдагы жыйынтыгын чыгарган улуттук бренддер сынагы өттү. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында өлкөнүн бардык аймактарынан келген 57 аталыштагы продукция көрсөтүлдү. Сынактын жеңүүчүлөрү: * 1-орун (алтын медаль): "Дан куурай концентраты" (Нургүл Исакова, Баткен облусу); * 2-орун (күмүш медаль): "Мисте печенеси&

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

2026-жылдын январь айында Кыргызстанда кайра иштетүүчү өндүрүш тармагындагы продукциянын көлөмү 51 млрд 198,6 млн сомду түзгөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу тармак боюнча физикалык көлөмдүн индекси 112,0%ды түзүп, өндүрүш көлөмүнүн өскөнүн көрсөттү. Кайра иштетүү өнөр жайынын түзүмүндө эң чоң үлүш негизги металлдарга жана даяр

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча "Muhamet Malo – 2026" эл аралык рейтингдик турниринде 76 кг чейинки салмак ченинде мелдештин жеңүүчүсү болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал турнирдин алгачкы баскычтарынан баштап эле атаандаштарына мүмкүнчүлүк берген жок: * 1/8 финал: Гулмарал