«Манас» эл аралык аэропорту жарым жылда 1.5 млн жүргүнчүнү тейледи.

«Манас» эл аралык аэропорту жарым жылда 1.5 млн  жүргүнчүнү тейледи.

«Манас» эл аралык аэропорту жарым жылда 1.5 млн жүргүнчүнү тейледи. Бул тууралуу «МЭА» ААКтын маалымат кызматы кабарлады.

«МЭА» ААКнын аэропортторунда  6 ай аралыгында 1 млн 560 367 жүргүнчү тейленди. Алардын 509 миң 806 ички каттамдардын жүргүнчүлөр агымын түзсө, эл аралык каттам – 1 млн 50 миң.

Ошондой эле бул аралыкта 13 миң 840 каттам ишке ашырылды. Алардын 9 миң 701 – эл аралык, 4 миң 139 – ички каттамды түздү.

«Манас» аэропорту 7 миң 353 каттамды тейледи. Алардын 2 миң 50 – ички, 5 миң 303 – эл аралык каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 824 миң 405 кишини  түздү. Алардын 254 миң 973 – ички, 569 миң 432 – эл аралык.

«Ысык-Көл» аэропорту 284 каттамды тейледи. Алар: 16 – ички, 268 – эл аралык каттамдар. Жүргүнчүлөрдүн агымы 25 миң 794 кишини түздү. Алардын 890 – ички, 24 миң 904 – эл аралык багытта.

«МЭА» ААКнын Ош филиалы 6 миң 203 каттамды тейледи. Алардын 2 миң 73 – ички, 4 миң 130 – эл аралык каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 710 миң 168 кишини түздү. Алардын 253 миң 943 – ички, 456 миң 225 – эл аралык багытка туура келет.«МЭА» ААК  2021 жылдын 6 ай аралыгында 1.5 миллиондон  ашык жүргүнчүнү тейлегенин «МЭА» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Нарын шаарында көмүрдү кымбат сатууну көздөгөндөр кармалды

Нарын шаарында көмүрдү кымбат сатууну көздөгөндөр кармалды

УКМКдан билдиришкендей, 8-декабрда УКМК Монополияга каршы кызматтын аймактык бөлүмү жана Нарын шаардык мэриясынын кызматкерлери менен биргеликте Кара-Кече кенинен (108 тонна) көмүр жүктөлгөн 6 жеке жүк ташуучу унааны кармаган. Алар көмүрдү Нарын шаарында жогорулатылган баада (тоннасына 6000 сом) сатууну пландап жатышкан. Аталган унааларга Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл аймагынан берилген ишеним каттын

Жети-Өгүздөгү 27,55 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздөгү 27,55 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз берилген айыл чарба багытындагы жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Жети-Өгүз райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын аткарылышы жана сакталышын текшерүү максатында жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында Барскоон айыл өкмөтүндөгү жалпы 2,4 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкелери жеке жактардын

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушун каржылоо макулдашылды

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушун каржылоо макулдашылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун каржылоо боюнча насыялык макулдашууга кол коюу аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди. Макулдашууга долбоорду ишке ашыруучу “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу компаниясы” ЖЧКсы жана Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү

Россияда Кыргызстандан келген жашылчалар  артка кайтарылды

Россияда Кыргызстандан келген жашылчалар артка кайтарылды

14-декабрда фитосанитардык көзөмөл пункту "Черлакский" (МАПП "Ольховка") аймагында Россия ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Омск облусу боюнча инспекторлору Омск бажысынын мобилдик тобу менен биргеликте Кыргызстандан келе жаткан жашылчалар жүктөлгөн жүк ташуучу унааны токтотушкан. Маалыматка ылайык, Россия Федерациясына киргизүү үчүн фитосанитардык тобокелдиги жогору болгон 21 тонна продукция