Депутаттар Кыргыз-Венгрия Фондун түзүү жөнүндө мыйзам кабыл алышты
Парламент үчүнчү окууда «Венгрия-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду жөнүндө Кыргызстандын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзам долбоорун кабыл алды.
Ушул жылдын апрель айында Кыргызстан менен Венгрия фонд түзүү жөнүндө келишимге кол коюшкан болчу.
Документке кол коюу иш-чарасы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Венгриянын Тышкы иштер жана соода министри Петр Сийартонун Бишкекке расмий иш сапарынын алкагында болуп өттү.
Фонддун башкы кеңсеси Бишкек шаарында жайгашкан. Кыргызстандын экономикасы үчүн маанилүү инвестициялык долбоорлор Кыргыз-Венгрия Фондунун алкагында ишке ашырылат.
Фонддун уставдык капиталы 50 млн долларды түзөт, анын ичинен Кыргызстан 16 млн долларын алган, калган сумма жыл аягына чейин которулат.