ЕАЭБке мүчө өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен Армения КММда импортко көз каранды
ЕАЭБке мүчө өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен Армения күйүүчү-майлоочу май (КММ) жаатында импортко көз каранды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамагенттиги КММнын орточо салыштырма баасы тууралуу билдирүүсүндө айтты.
ЕАЭБ өлкөлөрүндө ушул жылдын 29-июлуна карата КММнын орточо салыштырма баасы литрине сом менен
(Улуттук банктын 2021-жылдын 29-июлуна карата курсу боюнча)
| Кыргызстан | Казахстан | Россия | Белоруссия | Армения | |
| Аи-92 | 53.3 | 35.9 | 53.3 | 64.7 | 79.3 |
| Аи-95 | 57.4 | 41.9 | 58.3 | 68.0 | 81.0 |
| Дт | 48.4 | 41.9 | 57.2 | 68.0 | 77.5 |
Россия Федерациясы күйүүчү май рыногун жөнгө салууга жардам берүү үчүн демпфинг механизмин колдонот. Эгерде бензиндин жана дизелдик отундун экспорттук баасы шарттуу ички баалардан жогору болсо, анда мамлекет бул айырмачылыктын бир бөлүгүн өндүрүүчүлөргө компенсация төлөп берет. Болбосо, мунайзат компаниялары айырманы бюджетке которушат. Бул ички базардагы баалардын өсүшүн ооздуктоого жардам берет деп белгилешет адистер.
Казакстан Республикасында мунай өндүрүлүп, кайра иштетилет, бул өлкөнүн бензинге болгон муктаждыгын жабууга мүмкүндүк берет. Ал эми дизелдик отунга болгон талаптын бир бөлүгү (болжол менен 30%) өлкө тарабынан, негизинен Россиядан келген импорт аркылуу жабылат. Казакстандагы мунайды кайра иштетүүчү заводдорго мунай жеткирүү базар баасында эмес, наркы боюнча жүргүзүлөт.
Беларусияда мамлекеттик үлүшү бар 2 ири мунайды кайра иштетүүчү завод бар: Мозыр мунайды кайра иштетүүчү заводу жана «Нафтан» ААК. Бул нефтини кайра иштетүүчү заводдордун өндүрүштүк кубаттуулугу республиканын мунай заттарына болгон муктаждыгын жабат. Мындан тышкары, республика мунай заттарын экспорттойт. 2020-жылы экспорттун көлөмү 8.49 млн тоннаны түзгөн.
Армения Кыргызстан сыяктуу импортко көз каранды өлкө. 2020-жылы Арменияда импорттун көлөмү 20.5% га көбөйгөн. Армениянын негизги импортерлору – Россия (69%), жана Иран (23.3%) болуп саналат.