«Кыргыз темир жолу» 6 айда 3.5 миң тонна жүк ташыды

«Кыргыз темир жолу» 6 айда 3.5 миң тонна жүк ташыды

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын маалымат кызматы 2021-жылдын I жарым жылдыгында 3.5 миң тонна же өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 109%га көп жүк ташылып, ал 287.8 миң тоннага көбөйгөнүн кабарлады.

2021-жылдын 6 айында Кыргыз темир жолун 118 742 жүргүнчү колдонгон. Бул 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 46 786 жүргүнчүгө көп (2020-жылдын 6 айында 71.956 жүргүнчү).

Жүргүнчүлөрдүн санынын өсүшү 2020-жылдын 31-декабрынан баштап республикалык ички каттамда жүргүнчүлөрдү ташуунун жандануусуна байланыштуу болгон (Бишкек – Кара-Балта – Бишкек, Бишкек – Токмок – Бишкек, Бишкек – Кайыңды – Бишкек). Мындан сырткары, 2021-жылдын 18-июнунан баштап Бишкек-1 – Рыбачье багытында жүрүүдө.

Ишкана 150 жүк ташуучу вагон жана 3 маневрдик тепловозду сатып алууну каржылоо боюнча эл аралык финансы уюмдар менен келишим жетишилип, макулдашуу процедуралары аяктоо алдында турганын кошумчалады.  

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарында тыюу салынган никотини бар электрондук тамекилерди саткан соода жайы аныкталды. Соода түйүнү борбор калаанын 7-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн жер төлө бөлмөсүндө жайгашкан. Маалыматка ылайык, бул соода ишин жаран Э.Д.Ж. жетектеп келген. Өнүмдөр алдын ала уюштурулган жеткирүү схемасы аркылуу курьердик

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

Бишкекте "Бир айыл — бир продукт" долбоорунун 2025-жылдагы жыйынтыгын чыгарган улуттук бренддер сынагы өттү. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында өлкөнүн бардык аймактарынан келген 57 аталыштагы продукция көрсөтүлдү. Сынактын жеңүүчүлөрү: * 1-орун (алтын медаль): "Дан куурай концентраты" (Нургүл Исакова, Баткен облусу); * 2-орун (күмүш медаль): "Мисте печенеси&

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

2026-жылдын январь айында Кыргызстанда кайра иштетүүчү өндүрүш тармагындагы продукциянын көлөмү 51 млрд 198,6 млн сомду түзгөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу тармак боюнча физикалык көлөмдүн индекси 112,0%ды түзүп, өндүрүш көлөмүнүн өскөнүн көрсөттү. Кайра иштетүү өнөр жайынын түзүмүндө эң чоң үлүш негизги металлдарга жана даяр

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча "Muhamet Malo – 2026" эл аралык рейтингдик турниринде 76 кг чейинки салмак ченинде мелдештин жеңүүчүсү болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал турнирдин алгачкы баскычтарынан баштап эле атаандаштарына мүмкүнчүлүк берген жок: * 1/8 финал: Гулмарал