Министрлер кабинети КНСтен бошотулган дары-дармектердин тизмесин кыскартууну көздөөдө

Министрлер кабинети КНСтен бошотулган дары-дармектердин тизмесин кыскартууну көздөөдө

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова кошумча нарк салыгынан бошотулган дары-дармектердин жана медициналык багыттагы буюмдардын тизмесин кыскартуу жана аларды маркалоонун көзөмөлдөнүшүн киргизүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жылдыз Бакашова аталган маселенин актуалдуулугун белгилеп, бир жумалык мөөнөттө КНСтен бошотулган дары-дармектердин жана медициналык багыттагы буюмдардын тизмесинен айрым позицияларды алып салууну караган Министрлер Кабинетинин чечиминин тийиштүү долбоорун киргизүүнү тапшырды. 

Ошондой эле Бакашова маркировканы пайдалануу менен  өндүрүүчүдөн акыркы колдонуучуга чейин дары-дармектерди көзөмөлдөө системасын иштеп чыгууну тездетүүнүн жана өлкөдө этап-этабы менен аны ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал бардык кызыкдар мамлекеттик органдардын катышуусунда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүүнү жана тез арада бул долбоорду ишке ашыруу концепциясын иштеп чыгууну тапшырды.

Мындан тышкары, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Экономика жана финансы министрлиги менен биргеликте Дары-дармектер жана медициналык буюмдар департаментинин ишин санариптештирүүнү жылдын аягына чейин жыйынтыктоо тапшырылды. 

Белгилесек, жогорудагы система үч этаптан турат.

  • Биринчи этаптын алкагында дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар боюнча ченемдик-маалымдама маалыматтардын бирдиктүү тутуму иштелип чыкты.
  • Ошондой эле КРнын электрондук мамлекеттик сатып алуулардын расмий веб-порталы менен интеграцияланды.
  • Экинчи этап Дары-дармектер жана медициналык буюмдар департаментинин ишмердүүлүгүндөгү бардык процесстерди жана процедураларды санариптик трансформациялоону камтыйт
  • Ал эми үчүнчүсү  – дары-дармектердин таңгактарын маркалоону жана идентификациялоону колдонуу менен дары-дармектердин кыймылын көзөмөлдөө болуп саналат.

Эске салсак, дээрлик бардык дары-дармектер жана айрым медициналык буюмдар импортто КНСтен бошотулган. Саламаттыкты сактоо министрлиги бул тизмени кыскартууну сунуштаган болчу. Тийиштүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлуп, өкмөттүн сайтында жарыяланган эле.

Бул тизмеге 432 аталыштагы дары-дармектер жана 59 медициналык буюмдар киргизилген.

Бирок, жеңилдетилген салыкка карабастан, дары-дармектердин баасы жогору бойдон калып келет, ал тургай, кымбаттоо тенденциясына жакын. Ведомстводон билдиргендей, 2020-жылы КРнын аймагына алып келүү жана импорттоодо КНСтен бошотуу көлөмү 2 млрд 678 млн сомду түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарында тыюу салынган никотини бар электрондук тамекилерди саткан соода жайы аныкталды. Соода түйүнү борбор калаанын 7-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн жер төлө бөлмөсүндө жайгашкан. Маалыматка ылайык, бул соода ишин жаран Э.Д.Ж. жетектеп келген. Өнүмдөр алдын ала уюштурулган жеткирүү схемасы аркылуу курьердик

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

Бишкекте "Бир айыл — бир продукт" долбоорунун 2025-жылдагы жыйынтыгын чыгарган улуттук бренддер сынагы өттү. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында өлкөнүн бардык аймактарынан келген 57 аталыштагы продукция көрсөтүлдү. Сынактын жеңүүчүлөрү: * 1-орун (алтын медаль): "Дан куурай концентраты" (Нургүл Исакова, Баткен облусу); * 2-орун (күмүш медаль): "Мисте печенеси&

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

2026-жылдын январь айында Кыргызстанда кайра иштетүүчү өндүрүш тармагындагы продукциянын көлөмү 51 млрд 198,6 млн сомду түзгөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу тармак боюнча физикалык көлөмдүн индекси 112,0%ды түзүп, өндүрүш көлөмүнүн өскөнүн көрсөттү. Кайра иштетүү өнөр жайынын түзүмүндө эң чоң үлүш негизги металлдарга жана даяр

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча "Muhamet Malo – 2026" эл аралык рейтингдик турниринде 76 кг чейинки салмак ченинде мелдештин жеңүүчүсү болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал турнирдин алгачкы баскычтарынан баштап эле атаандаштарына мүмкүнчүлүк берген жок: * 1/8 финал: Гулмарал