МИКтин «Жеткиликтүү ипотека» багытын Германия өнүктүрүү банкы (KfW) каржылайт

МИКтин «Жеткиликтүү ипотека» багытын Германия өнүктүрүү банкы (KfW) каржылайт

«Жеткиликтүү ипотека» багыты боюнча мамлекеттик ипотекалык насыяларды берүүнү Германия өнүктүрүү банкы (KfW) каржылайт. Бул тууралуу Мамлекеттик иопотекалык компаниянын маалымат кызматы кабарлады.

«Жеткиликтүү ипотека» багыты боюнча мамлекеттик ипотекалык насыяларды берүү (эмгек ишмердүүлүгүнүн чөйрөсүнө карабастан, өлкөнүн бардык жарандары үчүн) Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо, республиканын бардык облустарында, МИК туруктуу режимде улантып жатканын аталган компаниядан билдиришти.

Бул багыт Германия Федеративдик Республикасынын Өкмөтү тарабынан Германиянын KfW өнүктүрүү банкы аркылуу берилген каражаттардын эсебинен каржыланат. Өлкөнүн жарандарын толугу менен камтуу максатында, МИК Германиянын KfW өнүктүрүү банкына, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларын каржылоо боюнча сунуштарды жана пайыздык ченди төмөндөтүү багытында өтүнүчтөрүн жөнөткөн.

Мындан тышкары окуңуз

Сокулук районунда 43 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Сокулук районунда 43 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Сокулук районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам бузуу фактылары аныкталып, тиешелүү прокурордук акт киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Сары-Өзөн айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылында жайгашкан, жалпы аянты 12,3 гектар болгон жөнгө салуу бассейни 2005-2006-жылдары мурдагы Крупская атындагы айыл өкмөтү тарабынан мыйзам талаптарын бузуу менен

Депозиттерди коргоо агенттиги кепилдик боюнча төлөм жүргүзүү үчүн сунуш киргизүүдө

Депозиттерди коргоо агенттиги кепилдик боюнча төлөм жүргүзүү үчүн сунуш киргизүүдө

Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги кепилдик учурлары келип чыккан учурда салымчыларга компенсация төлөп берүү үчүн банк-агенттерди алдын ала тандоонун жаңы тартибин бекиткен жобонун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Бул тууралуу Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинен кабарлашты. Билдирүүгө караганда, сунушталып жаткан документтин негизги максаты — төлөмдөрдүн башталыш мөөнөтүн кыскартуу жана аманаттарды коргоо тутумунун натыйжалуулугун

Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы ыкмасы иштелип чыгууда

Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы ыкмасы иштелип чыгууда

Экономика жана коммерция министрлиги БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте өлкөдө өсүү борборлорун алгачкы пландаштыруу боюнча биринчи бирдиктүү методологияны иштеп чыгууну баштады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Демилге Россия-БУУӨП өнөктөштүгүнүн алкагында ишке ашырылып жаткан долбоордун (III фаза) эксперттик колдоосу менен жүргүзүлүүдө. Бул методология Министрлер Кабинетинин 2025-2030-жылдарга карата

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

Бүгүн, 16-декабрга карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Буга чейин Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда (Сосновка постунан) оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, азыркы тапта № 9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө. Ал